Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өтүнүчү менен Рустам Турдиев 4-декабрга чейин камакка алынганын 9-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Турдиевдин бөгөт чарасы 7-октябрда каралган. Аны камакка алуу тууралуу өтүнүч менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү кайрылган, сот аны канааттандырды.
Чечимге ылайык, Турдиев атайын кызматтын тергөө абагында кармалат.
Интернеттеги айрым маалыматтарга караганда, Кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топ түзүү же ага катышуу» беренесинин «Уюшкан топко катышуу» бөлүгүнүн негизинде шектелип жаткан Рустам Турдиев Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кудасы. Анын 23 жаштагы уулу Руслан эки жыл мурда Көлбаевдин кызы Эркеайымга үйлөнгөн.