Ысык-Көлдөгү «Каприз» эс алуу борборунда мушташ чыкты. Маалыматты Govori.TVга Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, уруш жергиликтүү тургундардын, тагыраак айтканда Бактуу-Долоноту айылынын тургундарынын ортосунда болгон.
«Администрациядан мобилдик группа чакырылып, ыкчам топ келгенге чейин чыр-чатакты «Каприз» эс алуу жайынын күзөтчүлөрү чечкен. Алар арыз жазуудан баш тартышты»,-деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Буга чейин социалдык тармактарда «Каприз» эс алуу борборунда мушташ чыкканы тууралуу видео тараган.
Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар!