• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Күмөнүм бар эле». Депутат Алиев Акыйкатчынын ишине баа берди

22 Бугу 202413:55 Бишкек Govori.TV

Депутат Медербек Алиев Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өз ишин аткарып жатат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 22-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Жаманбаеванын бул кызматка талапкерлиги каралып жатканда бул боюнча көп күмөн санаган.

«Сиз жакшы же жаман адам болгонуңуз үчүн эмес, жазалоочу, айыптоочу тарап болгон укук коргоо органдарында иштегениңизден. Ал эми акыйкатчы институту актоо да.Бирок, мен чын жүрөктөн айткым келет, сиз саясий көз карашка карабастан, кырдаалды ушундай эле маанайда улантуу керек», — деди депутат.

Ал кошумчалагандай, депутаттар арасында Акыйкатчы башкы прокурордун мурдагы орун басары, анын орун басары УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары экенин айтып эми кандай болот деген да пикирлер болгонун кошумчалады.

«Бирок убакыт жакшы иштеп жатканыңызды көрсөттү», — деди депутат.

Количество просмотров: 124