• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Күмөн сайттарга киргендерди коркутуу менен акча опузалап жүргөн жаран кармалды

12 Жетинин айы 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

Күмөн сайттарга киргендерди коркутуу менен акча опузалап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын сентябрь айынан баштап, бүгүнкү күнгө чейин шектүү Нарын
облусунун Кочкор районунун тургуну Р.Ж. белгисиз адамдар менен алдын
ала сүйлөшүү менен мыйзамсыз оңой материалдык пайда табуу максатын
көздөп,“Альфа-Телеком” ЖАКтын жана “Нур-Телеком” ЖЧКнын абоненттеринин
Конституциалык укугун бузган.

«Шантаж жолу менен “Ички иштер
министрлигинин билдирүүсү! Кыргызстандын мыйзамдарында тыюу салынган
материалдар камтылган сайттарга киргениңиз үчүн бөгөттөлдүңүз.
Бөгөттөн чыгуу үчүн мамлекеттик капчыкка айып төлөшүңүз керек!»–
деген билдирүүлөрдү күмөн интернет сайттар аркылуу жарандарга жиберишип, аларды
коркутуу менен опузалап 2200 сом акча талап кылышкан. Төлөм
терминалдарын колдонушуп, өздөрүнүн электрондук
капчыктарына жарандардын акчаларын котортуп алышкан. Иликтөө иштеринин
жүрүшүндө жабырлануучуларга болжол менен 500 миңден ашык чыгым
келтирилгени аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренеси
(Опузалап талап кылуу) менен Кочкор РИИБнүн КЖБРне катталып, сотко
чейинки өндүрүш иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган факты боюнча шектүү Кочкор районунун Көк-Жар
айылынын тургуну 1989-жылы туулган Р.Ж. кармалган. Учурда сотко чейинки
өндүрүш уланууда.

Количество просмотров: 1249