Шаардык муниципалдык инспекциянын башчысы Медербек Амангелдиев инспекторлор менен биргеликте көмүр саткандардын тазалыкты, тартипти сактоосу боюнча мурда берилген көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө үчүн объектилерди кайрадан текшерип чыкты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө берилген көрсөтмөнү аткарбаган көмүр сатуучуларга протокол түзүлдү. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 434-беренесинин 1-бөлүгү боюнча жеке ишкер Ж.Н.га карата 13 000 сомго протокол түзүлгөн.
Кийинки эреже бузуучуга 114-беренеге ылайык протокол түзүлүп, 3000 сом айып пул салынган. Айып пул салуудан тышкары аларга тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүү берилди.
Эске салсак, шаар боюнча жалпысынан 38 көмүр сатуу түйүнү бар. Иштеп жаткан ар бир пункт Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоого тийиш.