Бишкек. 07.12.2017.
Кадамжай району, Үч-Коргон айыл аймагынын № 5 көмүр казуу шахтасында 2017-жылдын 6-декабрь күнү саат 10:00 чамасында 1993-ж.т Курбанов Жээнбек Абдрахманович шахтага белине кур (тросс) байлап түшүп баражаткан учурда кур үзүлүп кетип 15 метр терендикке түшүп кетип каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов, Govori.tv маалымат агенттигине билдирди.
Агасы алып чыгып Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына жеткирген. Азыркы учурда Курбанов Жээнбек Абдрахмановичтин денеси Кызыл-Кыя шаардык өлүк сактоочу жайында.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын өндүрүш учурунда элүүдөн ашуун адам кырсыктап, каза табат.