Ысык-Ата районунун Ивановка айылында Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен жарандын сөөгү табылды.
Чүй облустук милициясынан билдиришкендей, 19-июлда 2004-жылы туулган А.Ю. аттуу жаран достору менен сууга түшүүгө барып, чөгүп кеткени маалымдалган.
Издөө иштерине Чүй облусунун ички иштер органдарынын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тартылган.
«Эки күнгө созулган издөө иштеринин жыйынтыгында бүгүн жарандын сөөгү табылды», — деп айтылат маалыматта.
Учурда окуя боюнча тиешелүү текшерүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.