• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Күнөөмдү мойнума албайм». Сайпидиновдун бөгөт чарасы каралууда

13 Үчтүн айы 2021 17:40 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык сотунда бүгүн, 13-январда Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасы каралууда.

Сотко жеткирилген Сайпидинов күнөөсүн мойнуна албай турганын кабарлады. «Баарын сот жана тергөө чечет», — деп билдирген.

Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында 11-январда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлаган. Маалыматта Савай айылындагы орто мектепке салынган спорт залдын курулушунун суммасы 1 млн. сомдон ашуун акчага ашыра бааланганы жана Сайпидинов башка жооптуу жетекчилер менен кошо спорт зал сапатсыз бүтүрүлгөнүнө карабай, аны кабыл алганы кабарланган.

УКМК ошондой эле Ош шаарындагы жана Ош облусунун аймагындагы түрдүү кылмыштарды жасаган уюшкан топту түзүү фактысы боюнча да сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын, ал иштерде Сайпидинов күбө катары өтүп жатканын билдирген. Мунарбек Сайпидинов УКМКнын Ош облусундагы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген.

Количество просмотров: 77