• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Күн сууктап, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт

15 Аяк оона 20259:15 Бишкек Govori.TV

Синоптиктердин шашылыш билдирүүсүнө караганда, 16-18-сентябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы төмөндөп, күндүз 17…22, түнкүсүн 6…11 градус болот. Бийик тоолордо түнкүсүн -2…-7° суук болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 131