• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күн ысыйт. 7-июнда күтүлгөн аба ырайы

6 Кулжа 2021 20:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 7-июнда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 18…23, күндүз 34…39;

Талас өрөөнүндө түнкүсүндө 16…21, күндүз 33…38

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус ысык болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн 19…21°, күндүз 35…37° ысыйт.

Количество просмотров: 96