Күн ысыса дагы жылуулук берүү токтотулбай турган болду
19 Тогуздун айы 201817:32 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.10.2018. Govori.TV
Күн ысыса дагы үйлөргө жылуулук берүү токтотулбайт. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынан маалымдашты.
Алардын берген маалыматына караганда, температура жөнгө салынып, жылуулук берүү токтотулбат.
Белгилей кетсек, ушул жекшембиден тарта өлкө аймагында күн 18 градуска чейин жылый турганын синоптиктер маалымдаган болчу.
Божомолдоолорго караганда дүйшөмбү күнү күн 18 градуска, ал эми ишемби жана жекшембиде 19-20 градуска чейин көтөрүлөт.
Эске салсак, Бишкек шаарына жылуулук 17-октябрдан тарта бериле баштаган.
Подписаться:
Количество просмотров: 15