Социалдык тармактарда президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин сүрөттөрү жарыяланды. Алар дарыянын жээгинде спорттук костюмдарды кийип алып олтурганын көрүүгө болот.
Коомчулуктун пикиринде сүрөттөр достор Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин мамилеси акыркы мезгилде начарлап кетти деген талкуулардын улам жарыяланган өңдүү.
Анын алдында мурунку айыл чарба министри Тилек Токтогазиев Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров бийликти өз ара бөлүшө албай жатканы тууралуу айткан эле.