Эл аралык издөөдө жүргөн, кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Азербайжандын баш калаасы Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке жеткирилгени маалымдалды. Ал эми соцтармактарда анын колуна кишен салынып учакта олтурган сүрөтү жарыяланды.
Жергиликтүү басылмалар дагы Райымбек Матраимов менен кошо бир тууганы Тилек Матраимов кармалып, Бишкекке алып келингенин күч органдарындагы өз булактарына таянып жазышты.
Бул тууралуу тийиштүү мамлекеттик органдар азырынча расмий маалымат тарата элек.