• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Күндүн сүрөтү: Сот залына жаңы төрөлгөн ымыркайы менен алынып келинген келин

28 Бирдин айы 202313:32 Бишкек Govori.TV

Соцтармакта сот залына жаңы төрөлгөн ымыркайы менен алынып келинип айыпталуучулар олтурган айнек тосмонун артында тартылган келиндин сүрөтү тарап, талкууга алынууда.

Маалыматка ылайык, сүрөт бүгүн, 28-февралда Бишкек шаардык сотто болгон соттук отурум учурунда тартылган.

«15-февраль күнү СИЗОдо отурган келин уул төрөдү. Аны үйдө дагы алты жаш баласы күтүп жатат», — деп жазган жактоочусу.

Белгилей кетсек, 36 жаштагы Аида Исаковага “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Свердлов райондук соту 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Айымдын жактоочулары райондук соттун чечимине каршы аппелияциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган.

Количество просмотров: 16476