• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Күндүн сүрөтү: Зөөкүрдүн колунан ажал тапкан Айзада…

8 Чын куран 2021 17:07 Бишкек Govori.TV

Сүрөтчү Татьяна Зеленская ала качууга дуушар болуп, андан соң киши колдуу болуп көз жумган 27 жаштагы кыздын окуясына байланыштуу сүрөт жарыялап, билдирүү жазды.

«Айзада, Бурулай, башка миңдеген кыздар — кыйкырба, сураба, милиция чакырба. Алар сизге жардам бербейт. Сени сактап калышкан жок, себеби алар сактап калуу аракетин да кылышкан эмес», — деп жазган ал.

Бүгүн, 8-апрелде Бишкекте уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын сөөгү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жерге берилди.

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк “Манас” университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Ал 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 1985-жылы туулган Замирбек Теңизбаев алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди.

Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат.

Количество просмотров: 740