• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы… Жээнбековдун доору эми башталды… Айбаттуу АКС жоюлушу мүмкүн… Лейлекте тажиктер кысым жасоодо… УКМК тыңшоосун күчөттү…

8 Бирдин айы 2018 18:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08.02.2018. Govori.TV

Бүгүн, КРнын президенти Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрдү. Анда ал күндүн тартиби негизинен өлкөдөгү сот, укук  коргоо тармагынадагы абалга арналганын айтып, бул жааттагы мурда “капта катылып жаткан”  темененин башын кылтыйтты. Чу дегенде эле өлкө башчы Кыргызстандагы сот реформасы өзүн актабаганын, сот менен прокуратура өздөрүнүн негизги милдеттерин так аткара албай жатканын, анын башкы себеби, бул органдар коррупцияга малынып бүткөнүн, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүчү органдар а дегенде өзүн тазалашы керектигин айтып, акыркы алты жылдан бери бийликке эркелеп келе жаткан далай чиновниктин далысын сүлкүлдөттү.

Соттордун ишине кийлигишем!

“Биз мына Бишкек шаарынан эки сотту өткөрбөй койдук. Мен бир мисал келтирейин: бир судья бир ишти 4,8 жыл кармаган. Өткөндө Чүй сотунун дагы бирөөнү жыктык. Ал сотто 18 жыл иштептир, болгону 177 иш караптыр. Ошондо бир жылда сегиз иштен гана караптыр. Ушундай да болобу? Адилеттикке жетпей, узак убакыт бою канчалаган жарандар соттордо жүрөт, соттор ишти атайылап созгон учурлар көп кездешет. Эч кандай өкүм чыкпай, айлап-жылдап СИЗОдо жаткандар да бар. Алардын өзү эле эмес, үй-бүлөсү кошо жабыркап жатпайбы? Шайланган президент катары соттордун ишине кийлигишейин деген кыпындай да оюм жок. Бирок соттор оор кылмыш кылган кылмышкерлерди бошотуп жатса, мыйзамды бузуп жатса, жарандардын укуктарын тебелеп жатса — эл шайлаган президент катары эмне үчүн мен муну карап турушум керек?

Мени эл шайлагандан кийин кайсы жерден мамлекеттик органдар адам укугун тебелеген болсо, элге, мамлекетке зыян келтирип жаткан болсо — мен анда президент катары бардык маселеге кийлигишем. “Баш аламандык болуп, мыйзам бузуулар болуп жатса киришпей коё албайм. Мени эл үмүт менен шайлаган. Баары боло берет деп ойлобогула! Андай болбойт! Баарына өзүм киришем. Мыйзам чегинде баарын көзөмөлгө алабыз. Сотко жарандардын катышуусуз эле мүлктөрүн тартып алуу болуп жатат. Рейдерлик тартып алуулар мамлекеттик деңгээлге жетти. Акыркы эки жылда президенттин дарегине укук коргоо, сот, көзөмөл органдарынын ишине нааразы болгон 5 480 арыз түшкөн”-деди Жээнбеков.

АКСтин иши кайра каралат

Андан ары ал  күч структураларынын жетекчилеринен коррупция менен күрөшүү үчун кардиналдык чечимдерге баруусун талап кылды.  Ошондой эле Коррупцияга каршы кызматтын (АКС) иши кайра каралып чыгаарын, ар бир кызматкеринин иши талданаарын да катуу эскертти. Президент АКС бийликтин жогорку эшелонундагы жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөшүү үчүн түзүлгөнүн, бирок, тилекке каршы, анын айрым кызматкерлери өзүнчө бир кол тийбес кастага айланып калышканын айтты.

 

“Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат. Мындай кызматкерлер бүтүндөй АКСтин аброюна терс таасирин тийгизүүдө. 2017-жылы АКС кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү багытында болгону 22 пара алуу фактысын аныктаган. Бул орто эсеп менен бир айда 1,5 факт табылган дегенди билдирет” деди Жээнбеков. АКС бийликтин жогорку эшелонундагы жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөш үчүн түзүлгөн. Бирок, тилекке каршы, анын айрым кызматкерлери өзүнчө бир «кол тийбес кастага» айланып калышты. Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат. Мындай кызматкерлер бүтүндөй АКСтин аброюна терс таасирин тийгизүүдө. 2017-жылы АКС кызматтык кылмыштарга каршы күрөш багытында болгону 22 пара алуу фактысын аныктаган. Башкача айтканда, орто эсеп менен бир айда бир жарым факты аныкталган. Өткөн жылда АКС ири жана өзгөчө ири өлчөмдө мамлекеттик мүлктү менчиктеп алуунун 2 гана фактысын далилдеген. Бирөө «сегиз миң долларлык кранды сатып жиберди» деп иш козгогон. «Ири өлчөмдө зыян келген» деп тапканы экинчи иши — «бала бакчага курулуш материалдары кымбат алынган» деген иш. Бир жылда болгону эки факт”,-дейт өлкө башчысы. Ошону менен катар президент АКС эки жылда 485 кылмыш ишин козгогонун, анын 118и гана сотко өткөрүлгөнүн, 37 гана иш боюнча айыптоо өкүмү чыгарылганын белгиледи.

Индира Жолдубаеваны ийне менен сайганда…

Андан аркы сөзүндө Президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш иштери сотко жетпей кыскарып жатканын айтып, мындай учурда негизсиз кылмыш ишин козгогондордун жоопкерчилигин кароо керек экенин Коопсуздук кеңешиндеги сөзүндө уланды. Анын сөзүнө таяна тургна болсок, бүгүн прокуратура органы өтөт коррупциялашкан, негизги ишин жөндөп аткара албаган орган болуп калган.

“Мен Премьер-министр болуп иштеген мезгилден берки жагын эле карайлы. Акыркы 2 жыл ичинде укук коргоо органдары тарабынан 76 миӊден ашык кылмыш иши козголгон. Анын ичинен болгону 30 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Козгологон кылмыш иштеринин 12 пайызы боюнча гана кылмышкерлер жоопкерчиликке тартылган. Жалпы иштердин 43 пайызы тергөө тарабынан токтотулган же кыскартылган. Анын ичинен 85 пайызы “күнөөгө шектүү адамдар табылган жок» деп токтотулган. Бардык экономикалык жана кызматтык кылмыштар боюнча шектүү адамдар белгилүү. Силер аларды кармап, кылмыш жоопкерчилигине тартпай жатасыӊар.

Ошол эле убакта 656 иш кылмыш курамынын жоктугунан кыскартылган. Демек, 656 иш мыйзамсыз козголгон.Ички иштер органдары тарабынан өткөн эки  жылда 65 миӊ кылмыш иши козголгон. Анын ичинен соттук кароого болгону 30 пайызы гана жөнөтүлгөн. Башкача айтканда, ар бир үч иштин экөөсү сотко жиберилген эмес.Сотко жиберилген иштердин 44 пайызы боюнча  соттор тарабынан айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. 13 пайызы боюнча гана кылмыш жоопкерчилигине тартылып, анын жарымынан азы боюнча эркинен ажыратылган. Экономикалык жана коррупциялык кылмыштарды иликтей турган финансы полициясы 2016-2017-жылдары 3807 кылмыш иши козголгон. Бирок алардын 23 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн. Ар бир 5 иштин дээрлик төртөө сотко жиберилген эмес.

Козголгон кылмыш иштеринин 10 пайызы боюнча гана соттор тарабынан айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Сотко жөнөтүлгөн иштердин 27 пайызы боюнча кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Болгону  41 кылмыш иши боюнча эркинен ажыратуу өкүмү чыккан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети акыркы эки жыл ичинде 2 миӊден ашык кылмыш ишин козгогон. Бирок, алардын 29 пайызы гана сотко жөнөтүлгөн, алардын жарымы боюнча айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылган»,-деп билдирди президент.

Муну менен бирге ал Башпрокурор Индира Жолдубаеванин ишина ичи чыкпаганын да жашырган жок.

Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналат, бирок азыркы учурда бул милдетин натыйжалуу аткара албай жатат. Коррупцияны алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, ведомстволук гана кызыкчылыктар корголууда. Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп”-деди президент.

Экстерге эмес элге таянып…

Ошону менен ал коррупция менен күрөшүүдө жалпы мамлекеттик органдар, коомчулук, жарандык активисттер менен биргелешүү керектигин, ал эми күрөштүн башында өзү тураарын билдирди.

Демек, Сооронбай Жээнбековдун бүгүнкү сөздөрү кечээ эле “сот реформасын толук ишке ашырдык, коррупцияны жеңдик, Кыргызстан ишкерлер менен инвесторлор үчүн бейишке айланып калды” деп ураалаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сөздөрүн толугу менен жокко чыгарды. Башкача айтканда,  бүгүнтөн тарта Соронбай Жээнбеков өз алдына эркин, колу-жолу бош, экстерге эмес элге таянган президент катары өзүнүн жаңы доорун баштай турганын ачык көргөздү. Эми ал сөзүн иш менен шайкеш келтире турган болсо шайлоо алдындагы 25 суроосун Өмүрбек Бабановго эле эмес, мурдагы бийликтин бир топ анабашчыларына жолдойт көрүнөт…

Лейлекте чек ара тынч эмес. Тажиктер кысым кылууда…

Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду-Максат массивинде бүгүн кооптуу окуя орун алды. Тагыраагы, бүгүн  түшкө жакын коңшу Тажикстандын чек арачылары эл аралык “Кулунду-автожолу”  жана “Кайрагач авто жолу” чек ара өткөрмө пунктарын убакытлуу жаап, унаалар менен жүктөрдү бир тараптуу өткөрбөй кармап турушкан. Ошондой эле тажик чек арачылары Лейлек районунун Сай аймагына өтүүчү дарыядагы көпүрөөнү да убактылуу тосуп, ал жердеги чек арачылардын санын көбөйткөн. Анткени, буга чейин Сада конушунун тургундары дал ушул көпүрө аркылуу Сай аймагындагы мектепке катташчу. Бүгүнкү коңшулардын чек арачыларынын иш аракеттери окуучулардын каттоосун да кыйындаткан. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, коңшулар чек араны бир тараптуу мыйзамсыз тосуп алганы аз келгенсип, ал жердеги жоокерлеринин санын да кескин көбөйткөн.

https://www.facebook.com/100007483326830/videos/vb.100007483326830/1987669048159187/?type=2&video_source=user_video_tab

 

Ушундан кийин, Лейлек районунун акиминин орун басары, чек ара кызматынын адамдары тажик чек арачылары менен сүйлүшүү жүргүзүүнү башташкан. Алдын-ала кабарларга ылайык, учурда жөө жүргүнчүлөрдүн ары-бери өтүүсүнө уруксат берилип, ал эми унаалар дале болсо чек ара пунктарында кармалып турат.  Кызыгы, азырынча чек ара кызматы да, жергиликтүү бийлик да тажиктердин бул аракеттеринин себептерин ачыктай албай жатышат. Эске сала кетсек, өткөн жумада эле Президентибиз Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапары менен барып, дал ушул чек ара маселесин чечүү боюнча Президент Эмомали Рахмон менен макулдашып келген болчу. Арадан аз өтпөй эле коңшулардын батыл аракеттеринин пайда болушу ошол сүйлөшүүлөрдөн калкты шектендирип турган чагы…

УКМК чет элдик тыңчыларды эмес саясатчыларды аңдууда

Бишкектеги саясатчылар көп барып тамактанып, саясий сырларын төгүшчү “Обама”  кафесиндеги болуп өткөн окуя коомдун талкуусун жаратты. Окуяга келсек, “Атамекен” партиясынан парламентте депутат Каныбек Иманалиев, парапсихолог Мелис Карыбек жана ИИМдин генералы Талантбек Исаевдер кечээ кечке маал аталган кафеге кирип, тамактанып отурушат. Аларды тейлеп жаткан официант жигит негедир шектүү кыймылдап, жанын коерго жер таппай жатканын байкаган кыраакы генерал столдун алдына көз жүгүртсө, ал жакта булардын үнүн жазып жаткан диктофон столго жармаштырылып коюлган экен. Ошону менен чуу чыгат. Мындайда эмне кылуу керектигин жакшы билген Талант Исаев милицияны чакырып, алар менен бирге кафенин кире беришиндеги видео-камеранын тасмасын артка түрдүрүшөт. Анда башына кепка кийген сакалчан жигит официантты чакырып, диктофон берип жатканы даана тартылыптыр. Ошол жерден протокол түзүлүп, түшүнүк жазылып, күбөлөр көрсөтмө берет да, “сырттан чакырып эле коюп коюумду суранган, мен ал кишини тааныбайм” деген официант жигитти Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы алып кетет.

Бул боюнча бүгүн govori.TVга Талант Исаев өз пикирин билдирип, “Эми ал жерге атайын кызматтан башкалар биздин аңдып, сөздөрүбүздү жазып алууга кызыкдар эмес экени бештен белгилүү. Иштин аягына чыгып, териштирип, ким тарабынан жасалганын билүүгө деле кызыккан жокмун. Себеби, аны жасагандар эч качан “биз кылдык эле” деп айтышпайт да. Бул жерде саясий сөздөр деле болгон эмес, ансыз деле аңдып жүрүшөт, билем”,-деп жооп берген.

Ал эми “Обама” кафесинин администрациясы болсо бүгүн күч кызматтары менен иштешпей турганын айтышып, диктофонду кардарлардын бири коюп кеткен деген маалымат таратышты. Эмнеси болсо да кечээ эле Феликс Кулов айткандай, УКМК коопсуздук менен алектенбей эле оппозициясынын артынан түшүп калганы дагы бир жолу тастыкталды.  Бул боюнча албетте, УКМК үн ката элек…

 

Количество просмотров: 16