• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Күндүн ыргагы: 1,5 айдан бери чек арада жаткан кыргыздар мекенине келди. Тоого бараткан окуучу каза болду

7 Бугу 2020 17:13 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ
Бүгүн, 7-майга карата Кыргызстанда дагы 24 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

СОЛЬ-ИЛЕЦКИДЕН КЕЛГЕН КЫРГЫЗДАР ОБСЕРВАЦИЯГА ЖАТКЫРЫЛДЫ
Бүгүн, 7-майда эртең менен Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан келген 541 жаран Американын мурунку «Ганси» авиабазасындагы обсервацияга жайгаштырылды.

ЖОЛ КЫРСЫГЫ: ОКУУЧУ КАЗА БОЛДУ

Жалал-Абадда Кара-Булак жайлоосуна бара турган жолдо «Хундай Портер» үлгүсүндөгү автоунаа кырсыктап, бир окуучу каза болду. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

АНТИКРИЗИСТИК АРАКЕТТЕР

Коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал шартында экономикалык ишмердүүлүктү колдоо максатындагы антикризистик пландын экинчи бөлүгү 6-май күнү өкмөттүн жыйынында бекитилди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев бүгүн, маалымат жыйында билдирди. 

МИЛИЦИОНЕР ЖАРАНГА КОЛ КӨТӨРДҮ
Бишкекте милиционер жаранга кол көтөрдү. Бул тууралуу видео интернетке тарады.
Андагы маалыматтар боюнча окуя Бишкектин Түштүк магистралы менен Тынчтык проспектисинин кесилишкен аймагында болгон.

Количество просмотров: 394