• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: 2 адамды аёосуз сабаган бир туугандар абакта токмок жеди

24 Аяк оона 2019 19:06 Бишкек Govori.TV

2 адамды аёосуз сабады деген шектүүлөрдүн колу сындыбы?

Бишкекте эки кишини катуу сабады деген шек менен кармалып, №1 тергөө абагында отурган эки бир тууган Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековдун колдору таңылган сүрөтү соц тармактарга жарыяланып, сабалганы тууралуу кеп тарады. Аталган маалымат тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова шектүүлөр жаракатына байланыштуу эч кимге доосу жок экенин айтты.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумуна катышууда. Жумабеков аталган отурумдун алкагында Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева менен жолугушту.

Сооронбай менен Алмазбектин үй-бүлөсү жолукту

Бүгүн 23-сентябрда, Бишкектин “Көк-Жар” кичи районунда «Кыргыздын саны көбөйсүн, ар бир үйдө төрт эм төрөлсүн» аттуу иш чарада Кыргызстанда алгачкы жолу төрт эмди жарык дүйнөгө алып келген эки үй-бүлө жолугуп, аларга эки бөлмөлүү үй берилди.

Количество просмотров: 590