• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Абактагы активисттин абалы начарлады. Тез жардам кызматкерлери акцияга чыкты

1 Баш оона 2023 18:37 Бишкек Govori.TV

КАЙРА ШАЙЛООГО ТАЛАПКЕРЛЕР АРЫЗ БЕРҮҮДӨ

Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга арыз бергендердин саны бүгүнкүгө карата 12ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр Эртай Исаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнёв, Турсунбай Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов, Сулайман Мамаев, Токтогул Какчекеев, Жаныбек Абиров, Русланбек Тагаев, Бакыт Шаршембиев.

Кошумчалай кетсек, Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт.

АБАКТАГЫ АКТИВИСТТИН АБАЛЫ НАЧАР

Саясат таануучулар Бакыт Бакетаев менен Марс Сариев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылуу жолдоп, Кемпир-Абад иши боюнча камактагы Марат Баязовго дарыланууга уруксат берүүнү суранышты. Бул тууралуу кайрылууну адвокат Эркин Саданбеков соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Буга чейин жактоочу Эркин Саданбеков «массалык башаламандыкка» шектелип, Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган Марат Баязовдун ден соолугу начарлап кеткенин билдирди. Жактоочу Баязовду ооруканага жаткырууга уруксат сурап Жаза аткаруу кызматына, Кыйноолордун алдын алуу борборуна жана Акыйкатчы институтуна кайрылган.

Жаза аткаруу кызматы Баязовдун ден соолугу боюнча комментарий бере элек.

20-июлда Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, октябрдан бери тергөө абагында жаткан сегиз адамдын бөгөт чарасын карап, абакта калтырган чечим чыгарган. Алар: Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Тимур Махмудов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Сарылдык уулу, Марат Баязов, Акыл Айтбаев жана Айданбек Акматов.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда Бишкектеги кафеде жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта. Буга чейин 13 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

ВАЛЮТА РЫНОГУНДАГЫ АБАЛ

Валюта рыногундагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан тарта 1-августка чейин АКШ долларынын сомго карата расмий курсу 2,37 пайызга өскөн. Бүгүнкү күндө доллардын курсу 87,70 сомду түзөт.

 Карабаева белгилегендей, финансылык жөнгө салуучу орган кырдаалды көзөмөлдөп жана экономикалык жана улуттук валютанын курсунун туруктуулугун камсыздоодо.

ТЕЗ ЖАРДАМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ АЙЛЫККА НААРАЗЫ

Бүгүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдында Тез жардам борборунун кызматкерлери нааразылык акциясын өткөрүп, маянасы азайып кеткенине даттанышты. Он чакты кызматкер буга чейин айлыктары көбөйгөнүн, азыр кайра эсептөөлөрдүн натыйжасында акчасы азайып кеткенин билдиришкен.

Алия Алдеева аттуу фельдшер «үч жыл мурда 25 миң сом алганын, июлдун жыйынтыгында 11 миң сом маяна колуна тийгенин» айткан. Ал эми  Эльдар Абдылдаев аттуу дарыгер аларга маяна төлөө системасы түшүнүксүз болуп жатканын белгилеген.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы учурда аталган борбордо чукул жыйын уюштурулуп, министр Гүлнара Баатырова ошол жерге жөнөп кеткенин маалымдады.

МИЛИЦИОНЕР ЫДЫК КӨРСӨТКӨН ДЕП ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Бишкекте милиция кызматкери аялдамада кызга ыдык көрсөткөнгө аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-июлда жаран милицияга арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси саат 18:00 чамасында кызматкер Жибек жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада ыдык көрсөтүүгө аракет кылганын айткан.

Бул факты аталган райондо каттоого алынып, 34 жаштагы  Ж.У. аттуу жаран милиция бөлүмүнө алып келинип, суракка алынган. Материалдар Свердлов райондук прокуратурасына өткөрүлгөн.

КООМДУК ТРАНСПОРТКО НАКТАЛАЙ ТӨЛӨМ АЛЫНБАЙТ

20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, эми 20-августтан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот.

Кошумчалангандай, санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында 2020-жылдын март айынан бери Швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада «Тулпар» электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда.

Количество просмотров: 191