Ысык-Көл облусундагы «Сары-Чат — Ээр-Таш» мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты «Кумтөр» долбооруна кен казыш үчүн кайрадан кайтарылып берилгенин кечээ жакында “Азаттык” сайты жазган. Бул маселе Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында дагы түрдүү пикирди жаратты.
Ал эми Гүлмира Кудайбердиева билим берүү жана илим министри кызматынан кетти. Иштеп жатканда деле катуу талкууга алынган Кудайбердиева, ордун бошотуп берип да талкууга жем таштады.
Камакта жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев абакта калтырылды. УКМКнын имаратында өтуп жаткан соттук отурумга Атамбаевдин жакындары киргизилген эмес. Бирок Атамбаев терезеден болсо да тарапташтары менен учурашып, кол булгалап өттү.
Кененирээк «Күндүн ыргагы» рубрикасында…