• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ачкачылык кармагандар камакта калды. Жаңы жылда нан менен ун кымбаттайт

26 Бештин айы 2022 18:45 Бишкек Govori.TV

ЖАПЫРТ КАРМАЛГАНДАРДЫН БӨГӨТ ЧАРАСЫ КАРАЛДЫ

Бишкек шаардык сотунда бүгүн 26-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасы карала баштады. Бүгүн Бектур Асановдун, Равшан Жээнбековдун, Атай Бейшенбектин, Чыңгыз Капаровдун, Марат Баязов, Акыл Айтбаев, Мамбетжунус Абылов, Эрлан Бекчоро уулу, Рита Карасаровалардын  бөгөт чарасы каралып, баары тең камакта калтырылды.

Шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун аларды келерки жылдын февралынын ортосуна чейин камакта калтыруу тууралуу чечимин өзгөртүүдөн, жактоочулардын аларды үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Камактагылардын көбү протест катары ачкачылык кармап жатышат.

Камактагы мөөнөтү өзгөртүүсүз калтырылган Өзгөн районунун тургуну, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевди тергөө иштери солгун болуп жатканына нааразы болсо, ал эми камактагы мурдагы депутат Кубанычбек Кадыровдун жубайы бийликке кайрылды.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30дай адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги камактагы бул адамдар Жазык кодексинин «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык» беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат. Жакында «Кабар» агенттигине курган маегинде Жапаров аталган иш боюнча камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен» деп айткан.

УН МЕНЕН НАНДЫН БААСЫ ӨСӨТ

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Буга Министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнүн аяктап жатканы себеп болууда. Жунушов мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12% киреше салыгы алына баштай турганын айтууда.

Белгилей кетсек, бул боюнча Министрлер кабинети комментарий бере элек.

Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине мүчө болбогон мамлекеттерге 100 миң тоннадан ашык унду ташып чыгууга тыюу салган. Мындай чектөө ушул жылдын 1-ноябрынан 31-декабрга чейин киргизилген.

Кыргыз өкмөтү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн экспортуна убактылуу чектөө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааны турукташтыруу үчүн кабыл алынганын билдирген.

 “АКУНДУН” ЖЕТЕКЧИЛИГИ ҮН КАТТЫ

«Акун» пансионатынын жетекчилиги УКМКнын жер участогуна байланышкан чечими тууралуу билдирүү жасады. «Акун» Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, маркум Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык. Анын кызы Айдай Турсунбекова пансионат жайгашкан жер өкмөттүн 1998-жылдын 23-июнундагы токтому менен мамлекеттик менчикти мамлекеттен ажыратуунун жана менчиктештирүүнүн программасы аркылуу сатып алынган деп жазды.

«Сатыкка 32 пансионат коюлуп, анын ичинде «Чынар» пансионаты дагы бар эле. 1999-жылы тендерге (аукционго) катышып, “Чынар” пансионатын белгиленген нарктан жогору баада сатып алганбыз. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүдө жер участогунун наркы мүлктүк комплекстин наркына кошулат. Башкача айтканда, пансионатты сатып алууда жер тилкесинин баасын да төлөп бергенбиз», — деп жазды ал фейсбук баракчасына.

Эске салсак, 24-декабрда атайын кызмат «Акун» пансионатына Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылындагы 17,65 гектар жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин, 371 миллион сомго бааланган участок мамлекеттке кайтарылганын билдирген.

 “ХАН” АТТУУ УКТ МҮЧӨСҮ КЕЧИРИМ СУРАДЫ

Кочкор районунунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, райондо «положенец» катары «Хан» каймана аты менен белгилүү болгон 1988-жылкы Алмаз Чигентаев мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды. Мындай билдирүүнү УКМКнын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК органдары тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Кошумчалай кетсек, 24-декабрда УКМК уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен Кочкор райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы баштаган беш милиция кызматкери кармалганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына караганда, милиция кызматкерлери шектелип жаткан иш быйыл 7-ноябрда болгон. Ал кезде «кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кочкор районундагы кафелердин бирине барып, коркутуу жолу менен ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылганы айтылат.

«милиция берилген арызга чара көргөн эмес жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп-үркүтүүлөрүн улантып келген» деп кошумчалашкан УКМКдан.

АЙМАКТАРДА МЕКТЕПТЕР ОФЛАЙН ОКУУГА ӨТТҮ

26-декабрдан тарта Кыргызстандын аймактарындагы мектептер кадимки окутуу режимине өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эгерде класстагы окуучулардын 20 пайызынан көбү ден соолугуна байланыштуу окууга келбей жаткан болсо, сабак берүү кайра онлайн форматка өтөт.

Буга чейин Бишкектин мектептеринде онлайн окутуу режиминин мөөнөтү 28-декабрга чейин узартылганы кабарланган.

Сасык тумоо күчөгөнүнө байланыштуу Кыргызстанда мектептер 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окууга өткөн болчу.

Кышкы каникул быйыл мектептерде 30-декабрда башталып, 10-январга чейин уланат, үчүнчү чейрек 11-январда башталат

Количество просмотров: 1542