• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ат-Башылыктар мал менен жан бакмай болуштубу? Профсоюздагы басылбаган чыр

19 Бирдин айы 2020 20:53 Бишкек Govori.TV

ӨЗБЕКСТАНДА КАРМАЛГАН КЫРГЫЗДАР КОЕ БЕРИЛДИ
Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында кармалган 13 кыргызстандыкты кое берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

ЛОГИСТИКАЛЫК БОРБОР ТУУРАЛУУ ӨКМӨТ ҮН КАТТЫ
Кыргыз өкмөтү Ат-Башыда логистикалык борбордун курулбай калышына нарындыктарга сырттан таңууланган, алардын кызыкчылыгына каршы келген пикирлер себеп болду деп эсептейт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 19-февралда ишкерлик түзүмдөрдүн жана донор уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.

ПРОФСОЮЗДАГЫ ЧЫР УЛАНУУДА
Бүгүн Бишкек шаарында бир нече кызматкер Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновго каршы кайрадан митингге чыгышты.

АЖИМУДИНОВДУН ТАРАПТАШТАРЫ МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ
«Акнет» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудиновдун тарапташтары бүгүн 19-февралда Бишкекте пикет өткөрүштү. Алар күч органдарын мыйзамсыз куугунтук үчүн айыптап, компания рейдердик басып алууга кабылганын билдиришти. Парламенттин алдына чогулганда колуна Ажимудиновду бошотууну талап кылган жазууларды кармап турушту.

ЫМЫРКАЙЫН САТУУГА ШЕКТЕЛГЕН АЯЛ КАМАЛДЫ
Россияда сот Кыргызстандын 24 жаштагы жаранын 4,5 жылга эркинен ажыратты. Ал жаңы төрөлгөн кызын сатууга аракет жасаганын Москванын прокуратурасынын сайтында жарыяланган маалыматта айтылат.

Количество просмотров: 274