• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: “Ата-Мекендин” лидери кайрадан алмашты. Насыя алгандарга өкмөт жеңилдик берет…

5 Үчтүн айы 2021 18:44 Бишкек Govori.TV

ӨЛКӨДӨГҮ ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Бүгүн, 5-январда Саламаттык  сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын берип, 2020-жылдын ноябрь айынын ортосунда COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен ооругандардын саны төмөндөгөндүгү байкалганын, бул калктын көпчүлүгү COVID-19 менен ооруп бүткөндүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн экендигин билдирди.

НАСЫЯ АЛГАНДАРГА ЖЕҢИЛДИК

Банктан насыя алган 673 миң адам үч айлык пайыздык төлөмдөн бошотулат . Бул тууралуу брифинг учурунда финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов билдирди. Маалыматка караганда, Финанасы министрлиги 248 финансылык-кредит уюм менен келишим түздү.

ҮГҮТ ИШИНДЕ БУЗУЛГАН МЫЙЗАМ

“Жалпы иш” коомдук фонду 25-октябрдан 28-декабрга чейин президенттик шайлоонун даярдыгына байкоо жүргүзүп, 53 мыйзам бузууну каттады. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда “Жалпы иш” коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоо боюнча эксперти Арсланбек Өмүрзаков билдирди.

“АТА МЕКЕНДИН” ЛИДЕРИ АЛМАШТЫ

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери болуп Айсулуу Мамашова, анын орун басарлыгына депутат, фракция мүчөсү Наталья Никитенко шайланды. Мындай чечим фракциянын 5-январдагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.

БОЛОТ СҮЙҮМБАЕВ КАЙРАДАН ИЗДЕЛҮҮДӨ

Улуттук коопсуздук кызматы мекемеменин мурдагы башчысынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев изделип жатканы тууралуу 5-январда билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, ал алтын зер буюмдарынын аткезчилигине байланыштуу сотко чейинки өндүрүшкө алынган иштин алкагында бир нече ирет суракка жана тергөөгө чакырылган,

ЭКС-ВИЦЕ-МЭР КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурунку вице-мэр Мирлан Амантуровдун баш коргоо чарасын 31-декабрда караган. Ал УКМКнын абагына (СИЗО) камакка алынганын бүгүн, 5-январда райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Количество просмотров: 483