• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Күндүн ыргагы: Атамбаевдин иши сотко өттү, ал эми уулу Кадыр саясий упай топтоо менен алек

7 Тогуздун айы 2019 18:23 Бишкек Govori.TV

Батукаевдин иши боюнча соттук отурум белгиленди
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иши Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 11-октябрда карала баштайт. Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты билдирди. Анын айтымында, 11-октябрда бул иш боюнча алгачкы кароо өтөт.


Талкууга алынган тойдогу сүрөт
Социалдык тармакка депутат Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү тоюндагы видео, сүрөттөр тарады. Алардын арсынан Кадыр Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Өмүрбек Бабановдун бирге түшкөн сүрөтү социалдык тармактарда катуу талкууланып жатат.


Бекназаров маалымат жыйын уюштурду
Бүгүн,7- октябрда саясатчы Азимбек Бекназаров журналисттерге маалымат жыйын уюштурду. Буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевди тергөө абагынан үй камагына кое бериш керек деген ойду айтып, бирок Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири дагы аны колдобогонун кошумчалады.

Количество просмотров: 288