• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: «Азаттык» 2 айга жабылды. Депутаттар Өзбекстанга эмнеге кетти?

26 Тогуздун айы 2022 19:35 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТТАР ӨЗБЕКСТАНГА КЕТТИ

Бүгүн, 26-октябрда төрага Нурланбек Шакиев баштаган КР Жогорку Кеңешинин делегациясы КМШга мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына жөнөп кетти.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш сапардын алкагында төрага Шакиев КМШ ПАА Кеңешинин жыйынына катышып, Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламент башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

Ошондой эле иш-чаранын программасында КМШ ПААнын 54-пленардык жыйыны, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда Туруктуу комиссияларынын отуруму, ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгын тапшыруу аземи камтылган.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар Адахан Мадумаров, Аида Исатбек кызы, Алишер Козуев, Арсланбек Малиев, Жусупбек Коргонбай уулу, Жылдыз Таалайбек кызы жана Талайбек Масабиров бар.

КАМООЛОР БОЮНЧА  ЖК МААЛЫМАТ УКТУ

Жогорку Кеңештин  жалпы жыйынын башталышында оппозициялык саясатчыларды жана активисттердин жапырт кармалып, камакка алынышына байланыштуу  тийиштүү өкүлдөрдүн келип маалымат берүүсүн сунуш кылган депутат Адахан Мадумаров маселени отурумда кезексиз кароону талап кылды.

Депутаттын сунушун айрым кесиптештери четке кагып, маселе 25-октябрда тармактык комитетте каралганы жетиштүү болорун айтып чыгышты. Айрым эл өкүлдөрү тергөө иши жүрүп жатканын айтып, күч органдары келген менен ачык-айрым маалымат бере албайт дешсе, айрым депутаттар кээ бир кесиптештерин бул маселе менен өзүн пиар кылуу аракетин кылып жатат деп баалашты.

Бир катар айтылган кайчылаш пикирлерден соң жапырт камоолор боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматы бүгүн, 26-октябрда түштөн кийин угулмай болду.

Күн тартибинде эң акыркы маселе катары каралган бул иш боюнча Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү депутаттарга маалымат беришти. Ички иштер министринин орунбасары Эркебек Аширходжаев кармоолорго байланыштуу ишти иликтөө купуя жүргүзүлүп жатканын айтып, депутаттардын айрым суроолоруна толук кандуу жооп берген  жок.

Жыйынды депутат Чынгыз Айдарбеков жапырт камоолор тууралуу өзүнүн сын пикирин билдирип жарандык коомго орой мамиле кылынганын айтты.

Депутат Тазабек Икрамов кылмыш иштин тыкыр иликтениши керек экенидигин баса белгилеп, мыйзамсыз иштер үчүн кийин жоопкерчилик бар экенин эске салды.

Депутаттардын суроолоруна жооп берген ИИМ министринин орун басары Аширходжаев камалган ар бир айыпталуучунун иши так жана мыйзам жолунда каралат деп билдирди.

Эске салсак, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгып, “Кемпир-Абадды” коргоо комитети түзүлгөн. Анын эртеси, 23-октябрда таң эртеден тарта аталган комитетке кирген  жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчылар жана активисттер кармалып, 24-октябрда алардын дээрлик баары эки айга СИЗО-1 мекемесине камакка алынды.

Президент Жапаров улуттук «Кабар» агенттигине курган маегинде камалгандардын ишине кийлигишпесин, чекитти сот кое турганын айткан.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

ЖЕКШЕНАЛИЕВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

 Бишкек шаардык соту бүгүн блогер Ырыс Жекшеналиевди үй камагына чыгарды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-октябрда Жекшеналиевди 14-декабрга чейин абакта калтырган. Ал эми блогердин жактоочусу чечимге каршы шаардык сотко арыз менен кайрылган.

«Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августта милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин «Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар» ылайык кылмыш ишин козгогон.

 “АЗАТТЫКТЫН” ИШИ БӨГӨТТӨЛДҮ

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин эки айга токтотту. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалыматтар) байланыштуу ушундай чара көрүлдү.

“Министрлик тарабынан 2022-жылдын 16-сентябрында “Учурдагы убакыт” ресурсунда “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш” аттуу видеоматериалы жана эфиринде кастык маанайдагы сөздөр колдонулган.  Буга байланыштуу министрлик 2022-жылдын 17-сентябрында “Азаттык Медиа” мекемесине ММК чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана Кыргызстандын интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жөнөткөн. Бирок бул кайрылууга көңүл кош мамиле кылынып, “Азаттык Медиа” тараптан жооп кайтарылбай, тиешелүү чаралар көрүлгөн эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө, министрлик 2022-жылдын 24-октябрында материалды өчүрүп салуу тууралуу катын “Азаттык Медиа” мекемесине жөнөткөнүн, жооп катары “Азаттык Медиа” мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу айтылганы, бирок, ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө электинги кошумчаланат.

СОТТО ЧУУ ЧЫКТЫ

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алдамчылыкка айыпталган жаранга бензин чачып, өрттөө аракети болду. Окуя 26-октябрда сот отуруму өтүп жатканда болгонун аталган мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, иште күбө катары өтүп жаткан жаран айыпталуучуну көздөй бензин чачып, өрт тутандыргычты аны көздөй ыргыткан. Соттун маалыматына караганда, күбө бул күнкү отурумга чакырылган эмес, өз каалоосу менен келген.

Социалдык түйүндө бул окуядан кийинки видео тасма тарады.

ЭНЕРГИЯГА ЖАҢЫ ТАРИФ КИРЕТ

Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда электр энергияга “күн-түн” жаңы тарифин киргизүү пландалып жатканын билдирди.

Жыйында депутат Элдар Сулайманов дүйнө жүзүндө электр энергиянын күндүзгү жана түнкү тарифтери бар экенин айтып, министрдин программасында ушундай тарифтин бар-жогуна кызыкты.

Ибраев Кыргызстанда электр энергияны колдонуунун жогорку чеги кечки 18:00дөн 21:00гө чейин жана эртең мененки 7:00дөн 11:00гө чейин экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 434