• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

USAGM «Азаттыктын» грантынын бир бөлүгүн кайтарып берүүгө макул болду

25 Жалган куран 202512:48 Бишкек Govori.TV

АКШнын Глобалдык медиа агенттиги (USAGM) Конгресс тарабынан бөлүнгөн каражаттын бир бөлүгүн «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна бөлүп берүүгө макул болду. Бул тууралуу Азаттык жазат.

Бул чечим радионун АКШнын өкмөттүк агенттигине каршы арызы сотто каралар алдында жарыяланды. «Эркин Европа / Азаттык» радиосу агенттиктин федералдык каржылоону токтотуу аракетине каршы сотко кайрылган.

Агенттик 24-мартта кабыл алган бул чечимдин негизинде «Эркин Европа/Азаттык» радиосу 7,46 миллион доллар алат. Бул сумма радионун 1-марттан 14-мартка чейинки (USAGM каржылоону токтотконун жарыялаган күндүн алдындагы мөөнөт) чыгымдарды жабууга багытталган.

«Агенттик каражатты бөлүп берүү үчүн зарыл болгон административдик чукул кадамдарды таштады «, – деп айтылат USAGM агенттигинин сотко жолдогон катында. Анда каражат 26-мартка чейин бөлүнүп, «Эркин Европа/Азаттык» радиосу аны айдын аягына чейин алаары көрсөтүлгөн.

24-мартта өткөн соттук угууларда АКШнын Юстиция министрлигинин адвокаты Эбигейл Стоут билдиргендей, USAGM менен «Эркин Европа/Азаттык» ортосундагы келишимге ылайык, агенттик радионун каржылоосун токтотууга укуктуу.

«Мыйзамда агенттиктин грантты токтотууга укугу бар экени каралган», – деди ал.

Буга жооп катары радионун юристи Дэвид Зионц Конгресс агенттиктерге каалаганын кылуу үчүн каражат бөлбөй турганын белгилеп: «Мындай чечим эч кандай логикага сыйбайт», – деп жооп берди.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу агенттиктен 2025-финансылык жылына (30-сентябрга чейин) каралган толук гранттын берилишин талап кылып, соттон агенттиктин чечимине убактылуу тыюу салууну өтүнгөн. Бул маселе боюнча судья Ройс Ламберт жакынкы жумаларда чечим кабыл алат деп күтүлүүдө.

Количество просмотров: 146