• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Башкы дарыгер кызматтан кетти. ТИМ сыртта калган кыргыздарды алып келе албай убара

9 Чын куран 2020 19:43 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС ЖУКТУРГАНДАР 280ГЕ ЖЕТТИ
Бүгүн, 9-апрелде карата Кыргызстанда дагы 10 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.

ПРЕЗИДЕНТ МИНИСТРДИ КАБЫЛ АЛДЫ

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 9-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовду кабыл алды.

ТӨЛӨ ИСАКОВ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Саламаттык сактоо министринин орун басары, мамлекеттик башкы санитардык дарыгер Төлө Исаков өз каалоосу боюнча кызматтан кетти. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

ОШТОГУ ВРАЧТАР ВИРУС ЖУКТУРГАН УЧУР ИЛИКТЕНЕТ

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдардын жугуштуу оорулар стационарынын коронавирус илдетине кабылган кызматкерлерин вице-примьер министр Кубатбек Бороновго, Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго жана Кыргыз Республикасынын башкы инфекционисти Гулжигит Аалиевге алар боюнча туура эмес маалымат берилип, абройлоруна шек келтирилип жатканын айтышып кайрылуу жолдошкон. Алардын айтымында эч бир врач ажыдан келген  кошунасыныкына барып, коронавирус жуктурган эмес.

ТИМ МААЛЫМАТ БЕРДИ

Чет өлкөлөрдө жүргөн 23 кыргызстандык коронавирусту жуктуруп алган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

ЖКГА ЖАҢЫ ДЕПУТАТ АЙЫМ КЕЛЕТ

Вице-премьер-министрликке дайындалган Аида Исмаилованын ордуна 30 жаштагы Айгерим Бешимбаева келет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

АБА ЫРАЙЫ КЕСКИН ТӨМӨНДӨДҮ

Бүгүн 9-апрелде өлкө аймагында кескин түрдө аба ырайы төмөндөп, кар жады. Жаздын экинчи айында жааган кардан гүлдөп жаткан жемиштерди үшүк алыпкетүүсү ыктымал. Мындан тышкары жааган кардын кесепетинен шаардагы айрым жерлерде бактар кулап, унааларды басып калган.

Количество просмотров: 1596