• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Баткендиктерди жайгаштыра албаган өкмөт сынга калды. Жапаров Атамбаевди бошотобу?

23 Аяк оона 2022 18:50 Бишкек Govori.TV


ПРЕЗИДЕНТТИН МАЕГИ

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек курду. Анда Жапаров маегин БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүн өзү жазганы менен баштап, чек ара маселеси жана айрым саясий суроолорго жооп берди. Ошондой эле мамлекет башчы кыргыз армиясын күчтөп жатканын айткан. Президент уулу Рустамдын суранычы менен Атамбаевдин балдарын кабыл алганын кошумчалаган.

БАТКЕНДЕГИ АКЫРКЫ АБАЛ

Баткен облусунда абал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуу бар. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. Ал кыргызстандык социалдык тармактын айрым активдүү колдонуучуларын жана блогерлерди чек ара боюнча такталбаган маалыматтарды таратуудан оолак болууга чакырды. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча ыкчам штабдын маалыматына караганда, куралдуу кагылышта 613 үй зыян тартканы аныкталды.
Административдик-стратегиялык маанидеги тогуз объект, социалдык маанидеги 15 объект, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учурады.
Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары чек арадагы кол салуудан улам Баткен облусуна келтирилген чыгымды эсептөөнү улантууда. Калыбына келтирүү үчүн даярдык иштери жакын арада башталары маалымдалган.

ЧЕК АРАДА ЖАРААТ АЛГАНДАР

Баткенде чек арадагы каргашада жараат алган 198 адамдын 61и азыркы тапта үйдөн дарыланууда, 126сы Бишкектин жана Оштун, калгандары Баткендин ооруканаларында жатышат. Баткенде үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгондор үчүн төрт мобилдик клиника иштеп жатканын айткан Калмаматов Бишкектен барган 16 медициналык бригада да жардам берип жатканын кошумчалады. Аталган бригадалардын курамында 100дөн ашык хирург, травматолог, психиатр, педиатр, акушер-гинеколог адис бар.

БАТКЕНДИКТЕРГЕ КӨРҮЛГӨН КАМКОРДУК КАЛКТЫН КУПУЛУНА ТОЛДУБУ?

Социалдык тармакта спорт ордосунда апалардын пол үстүндө уктаган сүрөттөрү тарап, мамлекетке бир катар сындар айтылган. Журналист Канышай Мамыркулова жардам сурап келген жарандан документ талап кылгандарды сынга алган. Мындай окуяга кабылган жарандар дагы муну ырасташты. Алардын айтымында жардам сурап барган учурда паспорту болбогонуна байланыштуу жардам алалбай калган.

МЫЙЗАМСЫЗ БЕРИЛГЕН ЖЕР

Кадамжайда 13 млн 467 миң 500 сомго бааланган 5гектардан ашык жер тилкеси Орозбеков айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды. Башкы прокутуранын маалыматына ылайык, Кадамжай районуна караштуу Орозбеков айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жер мыйзамдарын одоно түрдө бузуу менен 2019-2020-жылдар аралыгында 40 токтом кабыл алып, алардын негизинде муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин жеке менчикке берип жиберишкен.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда Кадамжай райондук сотунун кароосунда турат. Ошондой эле жогоруда аталган жер тилкесин мамлекетке кайтаруу максатында прокурордук талап келтирилип, анын негизинде А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынды.

Количество просмотров: 883