• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бийлик Мадумаровду камайбы? Депутаттар Асылбаеванын “фейк” мыйзамын коргоп калышты

31 Бугу 2023 19:01 Бишкек Govori.TV

МАДУМАРОВДУ ЖООПКО ТАРТУУ СУНУШТАЛДЫ

31-майда Башкы прокуратуранын Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартуу сунушу боюнча парламентте депутаттык комиссия түзүлдү.

Комиссияга депутаттар Ханджеза Карим, Кундузбек Сулайманов, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожокулова, Мурадил Сыдыков, Динара Ашимова,  Фарходбек Исмаилов жана Мирлан Самыйкожо кирди.

Парламенттин 31-майдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча баш прокурордон сунуш түшкөнүн билдирген.

Ал эми депутат Мадумаров бул маселе боюнча массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат жыйын куруп, төмөндөгүлөргө токтолду.

Башкы прокуратура ушуну менен Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Ага «чыккынчылык» боюнча айып тагылганын билдирген.

Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия аны жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, парламент колдогон.

ЖК “ФЕЙК” МЫЙЗАМЫН ӨЗГӨРТҮҮНҮ КОЛДОГОН ЖОК

Жогорку Кеңеш 31-майдагы жыйынында «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген долбоорду биринчи окууда талкуулады. Мыйзам долбоорун депутаттар Адахан Мадумаров, Жанарбек Акаев, Дастан Бекешев, Элмурза Сатыбалдиев, Гуля Кожокулова, Сейит Атамбаев жана Чыңгыз Айдарбеков иштеп чыккан.

Демилгечилер тарабынан жалган маалыматты сайттан алып салуунун мөөнөтүн арыз келип түшкөн учурдан тарта 24 саатка эмес, үч күнгө чейин узартуу сунушталган. Талкуу учурунда бир катар депутаттар 24 саат боюнча катуу нааразылык билдиришти.

Ал эми депутат Балбак Түлөбаев журналист менен блогерди айырмалап жоопко тартып же тартипке салган мыйзам долбоорун алып чыгууну сунуш кылды.

Талаш-тартыштан кийин мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган жок. Ага 56 депутат «каршы», 7 депутат «макул» добуш берди.

Эске салсак, экс-депутат Гүлшат Асылбаева демилгелеген «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору 2021-жылдын 23-августунда кабыл алынган.

Аталган мыйзам «Маалыматтарды манипуляциялоо жөнүндө» деген ат менен 2020-жылы парламентте колдоо таап, президенттин кол коюусуна жөнөтүлгөн. Бирок коомчулук каршылык билдиргенден кийин президент толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарган.

“УЛУТТУК КРОКОДИЛ”: ЖОРОБЕКОВА СӨГҮШ АЛДЫ

Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробековага “улуттук крокодил” деп айткан сөзү үчүн дисциплинардык сөгүш берилди. Маалыматка ылайык, чогулуштун жыйынтыгында Айнур Жоробекованын сөзү “коомчулуктун намысына тийип, этикалык нормаларды бузган” деп табылды.

Жоробекованын айтымында, конференцияда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү орус тили, орус диаспораларынын кысымга кабылуусу жөнүндөгү талкууда Кыргызстанда орус тилинин абалы жакшы экенин айткан. Ал “улуттук крокодил” деген сөзү үчүн кечирим сурап, бул термин эксперттик чөйрөдө коомчулукту араздаштыргандарга колдонулат деди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 31-майдагы жыйынында депутат Камила Талиева Айнур ЖоробекованыН айткан сөзүн сындап, чара көрүүгө чакырган.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев Тышкы иштер министрлигине бул боюнча иликтөө жүргүзүү боюнча кайрылганын билдирди. Шакиев кафедра башчысынын сөзүн “улутту шылдыңдоо” катары баалады.

Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академиянын кафедра башчысы Айнур Жоробекова Орусиядагы өткөн III Борбор Азия конференциясында тил жөнүндө сүйлөп жатып, “улуттук крокодилдердин нааразылыгына карабай жогорку окуу жайларда сабак орус тилинде өткөрүлөт” деп айткан. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ВИЗАСЫЗ КЕЛИШИМИ

Кыргызстан Кытайга паритеттик негизде визасыз режим келишимин киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев парламенттин 31-майдагы жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Депутат кыргызстандыктар Кытайга виза ала албай, көп маселе жаралгандыктан визасыз режим киргизилсе ыңгайлуу болмогун билдирди.

«Биз Кытай тарапка сунуштарды бердик, паритеттик негизде эки өлкөнүн ортосунда визасыз режим киргизели деген позициябызды айттык. Кытай тарап бүгүнкү күндө бул сунушту карап туруп жооп берели дешти. Биз ошол жумушту улантабыз», — деди министрдин орун басары.

Кыргызстан Кытай менен визасыз режим киргизүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев парламенттин 4-майдагы жыйынында айткан.  

КӨЛБАЕВДИН “БАЛДАРЫ” КАМАКТА КАЛДЫ

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен УКТнын кармалган мүчөлөрүн тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эске салсак, 23-майында УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин материалдарынын алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында криминалдык лидер Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун 4 мүчөсү камалган. Шектүүлөр алдамчылык менен жеке менчик транспорттук-логистикалык ишканадан жалпы суммасы болжол менен 385 миң АКШ долларын түзгөн эл керектөөчү товарлары бар жүктү мыйзамсыз түрдө тартып алышкандыгы аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 191