• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бийликке нааразы болгондор көбөйдү. Депутат Жумалиев Жапыкеевди сотко берет

5 Жетинин айы 2020 19:32 Бишкек Govori.TV

«ҮМҮТ» КЫЙМЫЛЫ БИЙЛИККЕ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

Бүгүн 5-ноябрда Бишкек шаарында “Үмүт” деп аталган кыймыл жыйын өткөрүп, өлкөдө түзүлгөн саясий абалды талкуулады.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

5-ноябрга карата COVID 19 оорусу өлкөдө 535 адамда жаңыдан табылды. Март айында Кыргызстанда биринчи оорулуу билингенден бери бул вируска 61 309 кыргызстандык чалдыкты.

ЭПИДКЫРДААЛ ООР

Жогорку Кеңештин депутаттары жыйынга чогулуп коронавирус боюнча маалымат алышты. Анда маалымат берген вице-премьер-министри Элвира Сурабалдиева бүгун Жогорку Кеңештин жыйынында эпидемиологиялык кырдаал салыштырмалуу оор деп билдириди.

АК ҮЙДҮН ЧЫГЫМДАРЫН ЭСЕПТӨӨГӨ КОМИССИЯ ТҮЗҮЛДҮ

5-6-октябрь күндөрү Ак үйдүн имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Комиссиянын төрагалыгына вице-спикер Мирлан Бакиров дайындалды.

БЮДЖЕТКЕ 575 МЛН.СОМ ТҮШКӨНҮ АЙТЫЛДЫ

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан коррупцияга байланышкан кылмыштарды тергөөнүн негизинде бюджетке келтирилген зыяндын 575 миллион сому өндүрүлдү. Бул маалыматы УКМКнын басма сөз кызматы таркатты.

ДЕПУТАТ ЖАПЫКЕЕВДИ СОТКО БЕРЕТ

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Финансы полициясынын башчысы Сыймык Жапыкеевди сотко берет. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-ноябрда журналисттерге комментарий берип жатып айтты.

КӨЛБАЕВ БАШКА АБАККА КОТОРУЛДУ

Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 түзөтүү абагына которулду. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Количество просмотров: 177