• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Бишкекте дагы бир судья кармалды. Жылуулук качан берилет?

23 Тогуздун айы 2023 18:03 Бишкек Govori.TV

ШКУ, КМШ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫНЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТӨТ

 Бишкекте расмий иш-чаралар учурунда 4 миңге жакын милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу  Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

» Бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаттары эсептелип, ага ылайык коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоого 4 миңге жакын кызматкер тартылат», — деди ал.

Кошумчалай кетсек, 26-27-октябрь күндөрү Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьеринин расмий иш сапары, Монголиянын премьер-министринин Кыргыз Республикасына жумушчу сапары жана ШКУ, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө.

КЕМПИР-АБАД ИШИНЕ 1 ЖЫЛ

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 27 саясатчы, активист жана блогер 2022-жылы октябрда кармалып, УКМКнын абагына киргизилген.

Азыркы учурда кармалгандардын ичинен 11 адам тергөө абагында отурат. Алардын камакта калуу мөөнөтүн Биринчи Май райондук соту тарабынан узартылып келет. Ал эми калган 16 адам түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кошумчалай кетсек, айыпталуучулардын бөгөт чарасын кароочу соттук отурум 25-октябрга жылдырылган. Иш сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн болчу, алардын иши сотто жабык каралууда. Себеби, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ага “жашыруун” грифин койгон.

Эске салсак, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана парламент депутаттары кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенини айткан.

Ал эми 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер жапырт кармалган.

Милиция камалгандарга “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келишет.

СУДЬЯ КАМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкектеги Свердлов райондук сотунун судьясы коррупцияга шек саналып кармалганын кабарлады. Ири өлчөмдөгү пара алуу фактысынын иликтөөнүн жүрүшүндө  адвокат дагы камакка алынганын маалымдады.
«Мурда маалым болгондой, 2023-жылдын 27-сентябрында ата-энесинин камкордугусуз калган жашы жете элек баланы эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтыруу үчүн адвокаттын жардамы менен опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы И.Н.А. камакка алынган. Ошол эле учурда, Свердлов райондук сотунун судьясы А.А.А. бул баланын жакын тууганынан адвокаттын ортомчулугу, ошондой эле жардамчысынын жана катчысынын жардамы аркылуу эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаны берүү үчүн пара алган фактысы аныкталган. Жыйынтыгында, 20-октябрда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Свердлов райондук сотунун судьясы жана адвокат камакка алынды»,-деп жазылган маалыматта.

УКМК өткөн аптада пара талап кылуу фактысы менен Ленин райондук сотунун судьясы жана анын консультанты менен жакын досу кармалганын билдирген. Ага чейин дагы коррупцияга шек саналып кармалган судьялар болгон.

ЖҮК ТАШУУЧУ УНААЛАРДЫН УЗУН КЕЗЕГИ ЖАРАЛДЫ

Кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 410 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы 23-октябрда кабарлады.

Мекеме «унаалардын өтүүсүнө эки тараптан тең эч кандай чектөө жок, мунун себеби Кыргызстандан айыл чарба азыктары сыртка көп ташылып жатканы» деп түшүндүрдү.

Чек ара кызматы билдиргендей, “Ак-Тилектен” өткөн суткада 297 унаа Казакстанга кирген.

Кошумчалай кетсек, “Ак-Тилек” бекетиндеги тыгын буга чейин 5-октябрда да байкалып, анда кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны 569га жеткен.

ЫСЫК-КӨЛДӨН 22 ТОННА ТАШТАНДЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Ысык-Көлдөн 188 күндүн ичинде 22 тоннадан ашуун таштанды  чыгарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тазалоонун 188-күнүндө көл аянтынын 12 миң 988 гектарын тазалап, 2800 метр тор алып чыгышкан.

«Тазалоо башталгандан тарта суучулдар 310 миң 147, 12 гектардан Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян келтирчү 22 миң 441 кг ар кандай таштанды жана 123 миң 350 метр тор тазалашкан», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кошумчалашкандай, суучулдар учурда Түп районунун Курмөнтү айылынан Чоң-Өрүктү айылдарына чейинки аралыктарды таштандылардан арылтышууда.

ЖЫЛУУЛУК КАЧАН БЕРИЛЕТ?

Бишкек мэриясы шаар тургундарына жылуулук качан бериле баштарын тактады.

Маалыматка ылайык жылытуу мезгили абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо башталат.

Алгач балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери жылуулукка туташтырылат. Андан соң турак жайларга, карызы жок өндүрүш ишканаларына жана мекеме-уюмдарга берилет.

Былтыр Бишкекте жылуулук 26-октябрдан тартып бериле баштаган.

Количество просмотров: 785