• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Бишкекте кафенин бузулушу чыр менен коштолду. Көлбаевдин жан-жөөкөрлөрү кармалды

24 Бугу 2023 18:27 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МОСКВАГА БАРДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына келди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын учагы Москва шаарындагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду. Жапаровду Россия Федерациясынын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Эске салсак, бүгүн иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле эртеси, 25-майда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландаштырылууда.

БАТКЕН МЕНЕН СОГДИ ОБЛУС БАШЧЫЛАРЫ ЖОЛУКТУ

Бүгүн 24-майда кыргыз-тажик чек арасында КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо,коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, провакациялык маалыматтарга жол бербөө сүйлөшүлдү. Ошону менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды.

Аны менен катар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагы сүйлөшүлдү.

ДЕПУТАТТАР КӨТӨРГӨН МАСЕЛЕЛЕР

Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңештин депутаттары жалпы жыйынга чогулуп, бир катар социалдык маселелер жана мыйзам долбоорлору каралды.

Жыйында депутаты Адахан Мадумаров Бишкекте баңгизаттардын жарнамасы илинбеген көчө калбаганын, бул чоң көйгөйгө айланганын белгиледи. Ал ушундай жарнама илинген мекемелердин кожоюндарын жазага тартууну сунуштады.

Ал эми депутат Айбек Осмонов Ысык-Көл облусунда балдар эс алуучу 100гө жакын жерлер сатылып, жеке менчикке өтүп кеткенин айтты. Депутат белгилегендей, каражат мамлекеттик бюджетке дагы түшкөн эмес.

Жогорку Кеңештин төрага Нурлан Шакиев болсо жыйынга чакыртылгандардын аты-жөнү кыргызча туура жазылбаганын айтып сындады. Ал эми депутат Нуржигит Кабырбеков жыйын учурунда экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө байланышкан маселелерге көңүл буруп, парламенттик дипломатияны колдонуу менен инвестиция тартуу сунушун көтөрдү.

КӨЛЧҮК ТАЗАЛАГАН ОКУУЧУЛАР

Чүйдө көлчүктөгү сууну стакан менен сузуп төгүп жаткан окуучулардын видеосу социалдык тармакка тарады. Видеодогу окуя Ивановка айылында болгон. Андагы окуучулардын бири мектептин алдындагы сууларды тазалоого мажбурлады деп айтканын угууга болот.

Билим берүү министрлиги окуя тууралуу расмий билдирүү таратып, окуучулар сууну тазалоого өз ыктыяры менен жардам беришкенин билдирди. Бул арада маселе парламентте көтөрүлдү. Министр Иманалиев буларга токтолду.

КАФЕНИ БУЗДУРУУДА ЧЫР ЧЫКТЫ

Бишкек шаарынын Тыналиев көчөсүндө жайгашкан «Батуми» кафеси буздурулууда. Мэриянын маалыматына караганда, вице-мэр Нурдан Орунтаев, Ленин районунун акими Мураталы Тагаев, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Уран Мусаев жана башка кызматтардын өкүлдөрү иш алып барууда.

Ошондой эле бул жерде «Тазалык» муниципалдык ишканасынын бузуу бөлүгүнүн жумушчулары иштөөдө.

Орунтаевдин айтымында, жер жеңил курулуш үчүн 5 жылга ижарага берилген. Бирок ижарачы унаа токтотуучу жайга туруктуу курулуш куруп, ресторан ачкан.

Мекеменин өкүлдөрүнө 17-майда өз ыктыяры менен демонтаждоо тууралуу эскертүү берилген, бирок талап аткарылган эмес.

Ал эми кафенин негиздөөчүсү буздурууга каршы болуп, аны өзү бузууга убакыт берилишин талап кылды.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек мэриясы тарабынан шаардагы мыйзамсыз курулган имараттарды тазалоо иштери жүрүп жатат.

КӨЛБАЕВДИН КЫЛМЫШ ТОБУНУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

УКМК тарабынан криминалдык лидер  Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттери токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Кабарлангандай, алар көп жылдар бою эл керектөөчү кытайдан экспорттолгон товарларды тартып алуу менен алектенип келишкен. Кыргыз Республикасынын ишкерлеринен жана жарандарынан, кийин алар тарабынан Кыргыз Республикасынын жана КМШ мамлекеттеринин аймагында туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурган.

“УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 209-берененин 4-бөлүмүндө (Алдамчылык) каралган кылмыштын белгилери боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө өзгөчө ири өлчөмдө) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 2023-жылдын 23-майында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү – “Алтуха”, “Протез” жана “Кения” деген  каймана аты бар жарандар кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына камалды. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар алдамчылык жолу менен жеке менчик транспорттук-логистикалык компаниядан жалпы суммасы болжол менен 385 миң АКШ долларын түзгөн эл керектөөчү товарларды алып жүргөн жүктү мыйзамсыз түрдө тартып алышканы аныкталган”, — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, ошондой эле жогоруда аталган адамдардын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Количество просмотров: 408