• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Күндүн ыргагы: Бюджеттен акча уурдаган аткаминерлер аныкталды. Өкмөт Мадумаровго жооп кайтарды

18 Бештин айы 2020 18:08 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 18-декабрга карата дагы 264 адамдан коронавирус илдети табылып, үч киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.

МАМЫТОВ МИГРАНТТАР КҮНҮНӨ КАРАТА КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 18-декабрда, Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кыматы билдирет.

МАМЫТКАНОВ ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАРДЫ ТЕКШЕРҮҮДӨ

Өкмөт шайлоону таза жана ачык өткөрүүгө ниеттенүүдө жана ал үчүн аткаруу бийлигинин бардык бутактарынын күч-аракетин бириктирүүгө даяр. Бул туурасында вице-премьер-министр, президенти мөөнөтүнөн мурда шайлоосун уюштуруу боюнча Республикалык штабдын төрагасы Максат Мамытканов Ысык-Көл облусундагы шайлоонун даярдыгы менен таанышып жүрүп  билдирди. Ал белгилегендей, мыйзам бузуулар орун алган учурда катаал чаралар кабыл алынат.

АТКАМИНЕРЛЕРДИН БЮДЖЕТТЕН АКЧА УУРДОО ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ

Ош облусунун Ноокат районунда аткаминерлер тарабынан мамлекеттин бюджетинен акча уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

ЫШКА КАРШЫ ЖҮРҮШ

Бишкекте жаш активисттер абанын булганышына каршы жөө жүрүшкө чыгышты. «Шаарды тазалоого кеч эмес!», «Дем алгым келет!» деген плакаттарды көтөргөн ондогон улан-кыздар Темир жол вокзалынан Ала-Тоо аянтына чейин барышты.

УКТ МҮЧӨЛӨРҮ  КАРМАЛДЫ

Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды. Алар октябрь айында Сузак районундагы ок атышууга катышкан, деп билдирди УКМК. «Чач» каймана аты менен таанымал Э.Мурзахметовдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан ИИМдин кызматкерине жана жөнөкөй жарандарга ок атуучу курал-жарак менен кол салуу факты боюнча 16-декабрда колго түшүрүү операциясы жүргүзүлгөн.

Количество просмотров: 421