• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Чуу менен кеткен Абиров кайда депутат болууга камынды. Байсалов кечирим сурады

28 Теке 2023 18:15 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ “ИРКЕШТАМГА” БАРДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районундагы КР Түштүк-Батыш бажысынын «Иркештам» автомобилдик өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Жапаровго бул жерде жалпы узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу жүрүп жатканы, ал Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы макулдашууга кол коюлгандан кийин 2023-жылдын май айында башталганы жөнүндө маалымат берилди. Долбоор ошондой эле узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнүн курулушун жана көмүрдү ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотууну камтыйт.

Долбоордун аякташы Кыргызстандан Кытайга көмүрдү ленталык конвейер аркылуу жеткирүүгө жана өткөрмө пунктундагы жүктөмдү бошотууга мүмкүндүк берет. Андан улам, чек ара аркылуу товардык жүктүн агымын олуттуу көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Откөрмө бекети менен таанышуу учурунда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков президент Садыр Жапаровдон тил укту.

Паспорт боюнча «Иркештам» постунүн колдонуудагы өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил унааларды түзөт. Бирок бүгүнкү күндө пункт аркылуу эки тарапка 300дөн ашык унаага карата бажы операциялары жүргүзүлүп, бул чек ара аймагында унаа тыгыны жана кезек күтүүгө себеп болууда.

АБИРОВ ШАЙЛООГО КАТЫШУУГА АРЫЗ БЕРДИ

Жогорку Кеңештин мандатын тапшырган депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берди. Бул тууралуу Жаныбек Абиров өзунүн фейсбук баракчасы аркылуу кабарлады.

Буга чейин БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Абиров аталган округдагы кайра шайлоого катыша албасын билдирген.  “Конституциялык мыйзамда “кайра шайлоонун дайындалышына себепчи болгон жаран кайра шайлоого катыша албайт” деген жобо бар. Экинчи – моралдык да жагы бар. 130 миңге жакын шайлоочу убара болгонун да караш керек”, — деген Бекматов.

Абиров 24-июлда Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде суроолорго жооп берип жатып Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышууну ойлонуп жатканын айткан.

Аталган округдан депутат болгон Жаныбек Абиров быйыл март айында өзү аралашкан мушташтан улам мандатын тапшырган. Бул округда кайра шайлоо 28-майда өткөн.

Боршайком бирок добуш берүүнүн жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86 % добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон. Кайра шайлоо 10-сентябрга белгилеген.

Учурда Абировду кошкондо кайра шайлоого катышуу үчүн 10 адам арыз берди.

БАЙСАЛОВ ДЕПУТАТТАРДАН КЕЧИРИМ СУРАДЫ

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сурады. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” курган маегинде билдирген.

Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын беделине шек келтирүү ниети болбогонун, иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлиги президенттин колунда экенин гана айткысы келгенин айткан.

“Мамлекет башчы кандай чечсе ошондой болот. Биз кандайдыр бир түшүнбөстүктөрдү чече алдык. Менин сөздөрүм Жогорку Кеңештин ишине кийлигишүү сыяктуу кабыл алынышы мүмкүн. Азыр баары тең маселени түшүндү. Ортодо эч кандай келишпестик жок. Мен парламентке сый-урмат менен мамиле кыларымды ишендире алдым”,-деген ал.

Эске салсак, 22-июнда Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу Эдил Байсаловдун отставкасын кароо демилгесин көтөрүп чыгышкан.

АК-САЙДЫН ТУРГУНДАРЫ ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛДЫ

Баткендин Ак-Сай айылынын тургундары президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековду кызматтан алууну суранды. Бул тууралуу Гүлгакы Мамасалиева Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган катта айтылат.

 “24-июлда сиздин басма сөз катчыңыз Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасынан такталбаган маалымат чыгарып, биздин Ак-Сай айылынын Жеңиш Дубанаев аттуу тургунубузду күнөөлүү кылып, аны «мас абалында болгон» деп жазып чыкты. Бул маалымат Кыргызстан эле эмес, тажик элине да тарап, алар өз каналдарында “мына Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы тастыктады, демек, бул туура, кыргыз тарап дайыма биринчи баштайт” деп күнөөлөшүүдө”, — деп айтылган катка 20дан ашык адам кол койгон.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 24-июлда кечке жуук кыргыз-тажик чектеш аймактарынын тургундарынын ортосунда чыр-чатак чыкканын кабарлаган. Дайырбек Орунбеков чыр кантип тутанганы тууралуу маалымат берип, Фейсбуктагы баракчасына жаңжалда үч кыргыз жараны сабалганын, анын алдында мас абалындагы бир кыргыз жараны тажикстандык тургундун машинасынын айнектерин талкалап салганын жазган. Бирок Фейсбуктагы бул билдирүүсүн көп өтпөй алып салган жана анын себебин түшүндүрө элек. 

МУРДАГЫ МЭРДИН КУРУЛУШУ БУЗУЛДУ

Бишкек шаарынын Байтик Баатыр  көчөсүндө мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу иштери ууланууда.

Маалыматка караганда, эскиздик долбоорлорго туура келбеген, уруксатсыз курулган курулуштарды бузуу иштери мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевдин катышуусунда жана «Бишкекбашкыархитектура», «Тазалык» ишканаларынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Алсак, Кулатов көчөсү менен Байтик Баатыр көчөсүнүн кесилишинен баштап, М.Горький көчөсүнө чейин жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн 20 бастырма буздурулду. Жарнамалык конструкциялар да алынды.

Белгилүү болгондой, Байтик Баатыр 65 дарегиндеги мыйзамсыз курулган курулуштарды бузуу иштерин жүргүзүп жаткан учурда мурдагы мэр Иса Өмүркулов жерине келип, вице-мэр Орунтаевден чарбалык имаратты бузбоону суранган, бирок вице-мэр макул болбой, бузуу иштери уланган. Иса Өмүркулов 2011-2013-жылдары Бишкектин мэри болгон.

Количество просмотров: 186