• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Күндүн ыргагы: COVID-19 жуктургандар 430га жетти. Мурунку министр жоопко тартылабы?

14 Чын куран 2020 20:17 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АКЫРКЫ АБАЛ
Өлкө боюнча 14-апрелге карата 11 коронавирус инфекциясын жуктурган жаӊы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Коронавирус жуктургандардын ичинен 13 адамдын абалы оор, тогузу жандандыруу бөлүмүндө жатканы белгилүү болду. Муну менен катар, саламаттык сктоо минмстринин орун басары Кыргызстанда дагы 4 адам коронавирустан айыгып чыкканын кабарлады.

ӨЛКӨДӨ ӨЗГӨЧӨ АБАЛ УЗАРДЫ

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде кол коюп, Жогорку Кеңешке бекитүү үчүн жиберди. Бул арада Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына да 15-апрелден тартып өзгөчө абал киргизилди.  Расмий маалыматка караганда, 18-марттан 14-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 430 адамдан табылды. Алардын бешөө Нарын шаарында, 19у Ат-Башыда. Аталган эки аймакта өзгөчө абал 15-апрелден  баштап 30-апрелге чейин болот. Ал жакка комендант болуп облустук милициянын башчысы Уланбек Аалиев дайындалды.

МУРУНКУ МИНИСТРИ ЖООПКО ТАРТЫЛАБЫ?

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин ишин аскер прокуратурасына берели. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бүгүн, 14-апрелде тармактык комитеттин жыйынында.билдирди. Анын айтымында, шалаакылыктан улам өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуду.

МИГРАНТТАРДЫ  АЛЫП КЕЛҮҮ МАСЕЛЕСИ

Парламент комитеттеринин 14-апрелдеги жыйынында депутаттар чет мамлекеттерден келе албай турган кыргызстандык жарандарды алып келүү маселесин көтөрүштү. Алар өкмөттөн сырттагы мекендештерди алып келиш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну талап кылышты. Депутат Каныбек Иманалиев бул үчүн Кыргызстанда алтын казып, пайда таап жаткан төрт ишкананы пайдалануу керектигин айтты. Депутаттардын суроолоруна жооп берген биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов пандемияга байланыштуу бардык өлкөлөрдүн аба мейкиндиктери жабык экенин эске салды.

Количество просмотров: 242