• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутат Бакиров мандатынан кол жууду. Поезд жолундагы кырсыктын себеби иликтенип жатат

18 Баш оона 2023 18:45 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ҮН КАТТЫ

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга 49 жылга ижарага берилиши боюнча жооп берди. Жапаров 2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда популисттик кылып эле пансионаттарды алып койгонун айтты. «Ошол эле жылы өзбек тарап эл аралык сотко 65 миллион долларга доо арыз менен кайрылган. 2017-жылы Сапар Исаков өзбек тарапка «тынчтык жолу менен чечели, силерге 4 пансионатты кайра берели, доо арызыңарды алып койгула» деп кат жөнөтүптүр. Быйыл май айында эл аралык сот кыргыз тарап 40 миллиондон ашыгыраак доллар төлөйсүңөр деген чечим чыгарды. Биз анча акчаны төлөй албайбыз, андан көрө силер 49 жылга алгыла, 4-5 жылдыздуу мейманканаларды кургула деп келиштик. Ал пансионаттардын акыбалын көрсөңөр, аткана. Өзүбүз жакынкы 15-20 жылда ал пансионаттарга бир тыйын сала албайбыз. Башка жыртык-тешиктерибизди бүтөй албай жатканда ага кайдагы акча?» — деди Жапаров. Белгилей кетсек, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги Ысык-Көлдөгү «Золотые пески», «Дилором», «Рохат» жана толук курулуп бүтө элек «Бустон» пансионаттары Өзбекстанга 49 жылга берилерин кабарлаган. Өзбек компаниялары ижара акысынын ордуна реконструкциялап, ар бир пансионатка 15-20 миллион доллардан сарптайт.

ДЕПУТАТ МАНДАТЫНАН КОЛ ЖУУДУ

Жогорку сот Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыратуу жөнүндөгү шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин № 4 Көк-Жар бир мандаттуу округунда шайлоонун жыйынтыгы тууралуу БШКнын чечими жокко чыгарылган. Мунун натыйжасында шайлоо өткөн жок деп табылып, Бакиров депутаттык мандатынан ажыратылган. Эл өкүлү бул чечимге макул болбостон Жогорку Сотко кайрылган. 2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Саясий жарышка жалпы жети талапкер катышкан. Талапкерлердин бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган. Ошонун негизинде иш кайра жандандырылган.

ТАЙЛАКОВ ИШТЕН КЕТТИ

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков кызматынан кетти. Ал өз арызынын негизинде иштен бошогонун Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Тайлаков кызматтан кетүүсүнө эмне себеп болгонун тактаган жок. Анда өзү кызматта турганда аткарылган иштер тууралуу да билдирүү калтырган. Кошумчалай кетсек, Тайлаков бул кызматка 2021-жылы апрелде дайындалган.

ПОЕЗД МЕНЕН ЖҮК ТАШЫГАН УНАА КАГЫШТЫ

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Бишкекте поезд менен жүк ташыган унаа кагышкан кырсык боюнча маалымат таратып, окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 17-августтун кечинде «Бишкек-1» темир жол станциясы менен Мурманск көчөсүнө жакын жайгашкан №49 туташтыруучу темир жол өтмөгүндө болгон.
Көмүр ташыган чиркегичи бар “КамАЗ” жүк ташуучу автомашинасынын айдоочусу жол белгилеринин талаптарын эске албай, жакындап келе жаткан поездге карабастан, темир жолго чыгып кеткендиги аныкталды. Адамдардан эч ким жабыркаган жок, жеринде атайын комиссия иштеп жатат.

АДАМ УУРДАП, АКЧА ОПУЗАЛАГАНДАР

Жалал-Абаддын Сузак районунда жаранды бейтааныш үйдө 5 күн кармап, акча опузалагандар кармалды. 16-август күнү милицияга Ош облусунун тургуну арыз менен кайрылган. Ал билдиргендей, 8-августка караган түнү Сузактын Атабеков айыл аймагында «Өткүр», «Алмаз», «Байэл», «Арзыбек» аттуу балдар аны ур-токмокко алып, күч менен унаага отургузуп, 3,5 миң сом акчасын тартып алышкан. Андан кийин аны 13-августка чейин Атабеков айыл аймагындагы бейтааныш үйдө кармап отурушкан. Алар жабырлануучуну коркутуп, акча талап кылып, сабашкан.
Аталган фактыга кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары мурда соттолгон 3 шектүү кармалган. Учурда кармалгандардын мурда жасалып, бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу

Количество просмотров: 152