• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттан акча опузалаган жаран кармалды. Апасынын талабын талашкан өспүрүмдүн окуясын УКМК иликтейт

21 Бештин айы 2020 19:18 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 21-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Баткен облусунун тургуну болчу. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1331 адамга жетти.

ЖАҢЫ ЧЕТ ЭЛДИК ПАСПОРТ БЕРИЛЕ БАШТАЙТ

Жаңы жалпы жарандык биометрикалык-электрондук паспорттор 2021-жылдын 1-апрелинен тарта берилип баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Тилек Батырканов Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

САРКАРБАЕВ 2 АЙГА КАМАЛДЫ

Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев эки айга камакка алынды. Ош шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлагандай, Саркарбаевдин баш коргоо чарасы 18-декабрь күнү аталган сотто тандалган. Судья чыгарган чечимге ылайык, ал 16-февралга чейин УКМКнын Ош шаарындагы тергөө абагында болот.

ДЕПУТАТТАН АКЧА ОПУЗАЛАГАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден акча опузалаган шектүү кармалды. Жумалиевдин жактоочусу Бакыт Жумашев билдиргендей, шектүү өзүн жогорку кызматтагы чиновниктин жакын адамы деп тааныштырган. Ал Жумалиевдин үстүнөн козголгон кылмыш ишин Каржы полициясынын жетекчисинин жаңы дайындалган орун басарынын жардамы менен токтотууну сунуштаган. Ал үчүн шектүү

ӨСПҮРҮМДҮН КАЙРЫЛУУСУ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНДЫ

Кемин шаарындагы 9 жаштагы кыз апасына кылган мектеп жетекчилигинин ырайымсыздыгы тууралуу айтып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасаган. Видеодо кыз өзүн Асема Шакирова деп тааныштырып, ал Кемин шаарындагы  Жалил Сыдыков атындагы №1 мектепте 3 жылдан бери окуй турганын билдирген.

АСКЕР АСЫНЫП КАЗА БОЛДУ

Бишкекте Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринде кызмат өтөп жаткан жоокердин өлүмү иликтене баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 21-декабрда Бишкектеги №702 аскер бөлүгүндө болгон:

Количество просмотров: 204