• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттар Баткенге эмнеге кетти? Журналисттин соту создуктурулууда…

22 Аяк оона 2022 19:03 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВДУН ТАПШЫРМАСЫ

Президент Жапаров бүгүн, 22-сентябрда, Министрлер Кабинетинин жетекчилигинин жана мүчөлөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин, Коопсуздук кеңешинин катчысынын катышуусунда Баткен облусундагы учурдагы кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана аймактагы талкаланган инфратүзүмдү калыбына келтирүү боюнча маалымат берилди.Президент  биринчи кезекте, чек арага чектеш аймактардын эвакуацияланган тургундарына бардык зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө, жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүүгө жана толук кыйраган үйлөрдүн ордуна жаңыларын суук түшкөнчө кыска мөөнөттө курууга, социалдык-жарандык инфратүзүмдөрдү тез арада калыбына келтирүүгө байланыштуу бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

ДЕПУТАТТАР БАТКЕНГЕ КЕТТИ

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна кетишти. Алар жергиликтүү калк менен жолугушууларды өткөрө турганы маалымдалды.

Бүгүн эл өкүлдөрү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал тууралуу министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында укту. Аларга КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов чек арадагы абал тууралуу маалымат берген.

Бирок депутаттар жабык жыйында сөз болгон маселелер тууралуу кенирээк маалымат беришкен жок.

Кызыгы жабык эшик артында өтүп жаткан жыйындан депутат Жусупбек Коргонбай уулунун курал көтөрүп чыкканы болду. Ал эми депутат өзү аны муляж деп атап, бирок, аны эмне үчүн жыйынга алып киргенин айта алган жок.

Депутат Коргонбай уулунун мындай кадамын башка кесиптештери деле түшүндүрө алышкан жок. Ал эми депутат Надира Нарматова жыйын учурунда эч кандай курал көрбөгөнүн айтты.

Эске салсак, 14-16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашкан.

БАТКЕН ТАРТКАН ЧЫГЫМ

Бүгүн 22-сентябрда эл аралык уюмдардын, чет мамлекеттердин өкүлдөрү, жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер Баткен облусунун кыргыз-тажик чек ара тилкесинде жайгашкан айылдарын кыдырып, 14-17-сентябрда болгон окуянын кесепеттерин көрүп жатышат.

Анын алкагында журналисттер Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интернационал айылына барышты. Андагы  «Достук» базары толук күйүп кеткен. Жергиликтүүлөрдүн айтымында базарга гранатомёт түшкөн, базарда жалпысынан 50 соодагер эмгектенип келген.

Интернационал айылында базар эле эмес жай тургундардын үйлөрү өрттөлгөн, талкаланган жана тонолгон.

ӨКМ тараткан маалыматтарга ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам Баткен облусунда талкаланган турак үйлөрдүн саны 432ге жетти. Белгиленгендей, учурда Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары тарабынан Баткен облусу боюнча жалпы жабыркаган объектилерди тактоо иштери аяктады.

“Ошондой эле комиссия 285 короо-жайлар, мал сарайлар жана чарбалык объектилер, 6 мектеп, 6 бала бакча, 2 саламаттык сактоо уюму, 9 административдик имарат, 26 автоунаа жана башка турмуш-тиричиликти камсыз кылуучу 171 объект талкаланганын аныктады», — деп айтылат маалыматта.

ТЕМИРОВДУН СОЗДУКТУРУЛГАН СОТУ

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн 22-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту уланды. Кечээ тараптардын жарыш сөзү дээрлик жыйынтыкталып, бир жактоочунун гана сөзү калган. Бүгүн сот өкүмүн жарыялайт деп күтүлүп жаткан, бирок 28-сентябрга жылды.

Буга чейинки сототурумунда прокурор бир нече берене менен иш козголгон журналисттин жаза чарасын жалпылап кошуу жолу менен беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоо керектигин айткан. Болот Темиров өз сөзүндө күнөөсү жок экенин айтып, документ алуудагы мыйзам бузуу тууралуу айыптоо жасалма анкетага негизделип жатканын белгилеген.

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

СӨЗ ЭРКИНДИГИН ЧЕКТЕГЕН ӨЛКӨ УТУЛАТ

Акыйкатчы институту ЖМК өкүлдөрүнө, журналисттерге, блогерлерге жана активисттерге карата иштерди кароодо соттук практикада пайда болгон терс аракеттерди белгилеп, ММК өкүлдөрүнө козголгон кылмыш иштеринин дээрлик бардыгында процессуалдык бузуулар жана тергөөдөгү кемчиликтер бар экенин билдирди.

Количество просмотров: 368