• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттар «чет элдик агент» мыйзамын карап баштайт. Жапаров АКШга кетти

18 Аяк оона 2023 18:59 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АКШГА КЕТТИ

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нью-Йорк шаарына БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн келди. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин Лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия Мамлекеттеринин башчылары жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байдендин биринчи Саммитине катышат.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;  Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;  Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Бактыбек Аманбаев; Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;  жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;  саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев;  экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев; юстиция министри Аяз Баетов жана Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлү Аида Касымалиева бар.

 “ЧЕТ ЭЛДИК ӨКҮЛ” МЫЙЗАМЫН ДЕПУТАТТАР КАРАП БАШТАЙТ

19-сентябрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети “чет элдик өкүл” түшүнүгүн киргизүүнү караган тескөөчүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун карайт. Маселе күн тартибине киргизилди.

Эксперттердин айтымында сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса, өлкөдө сөз эркиндигин, жарандык жана саясий укуктарды жактаган көптөгөн бейөкмөт уюмдар жабылышы мүмкүн.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттры аталган мыйзам долбоору тууралуу кандай пикирле экенини билип көрдүк.

Белгилей кетсек, буга чейин Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирген. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин маалымдаган.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартышкан.

Ал эми “Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

ОЛЖОБАЙ ШАКИР АБАКТА КАЛДЫ

Жазуучу, публицист Олжобай Шакир камакта калтырылды. Бүгүн, 18-сентябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арызды карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ал эми 13-сентябрда Бишкек шаардык соту Олжобай Шакирдин кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

24-августта журналист, публицист Олжобай Шакир 2 айга Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык камалган.

Ал 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалган. Олжобай Шакирге “массалык башаламандык уюштуруу”, “бийликти басып алуу аракети” беренелери боюнча айып коюлуп жатат.

ДАРЫГЕРДИН САБАЛЫШЫ

Медициналык тез жардам борборунун дарыгеринин сабалышы боюнча тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

«Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Медицина кызматкери А.Д. арыз жазып, андан кийин милицияга 28 жаштагы Б.М. алынып келинген. Факты маалымат журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында Б.М.нын аракетине юридикалык баа берилет. Учурда ал адам бошотулду», — деп билдиришти башкармалыктан.

Эске сала кетсек, буга чейин маалымат тарап, анда бейтаптын күйөөсү жардам көрсөтүп жакан тез жардам бригадасына кол салганы айтылган.

АЙДООЧУ БАЛАНЫ СҮЗҮП КЕТТИ

Ошто айдоочу жол жээгинде турган 9 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Бул тууралуу Ош ШИИБы боюнча Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя 17-сентябрда Жапалак айылындагы Ташиев көчөсүндө катталган. Анда Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочу үйүнүн жанында ойноп жаткан М.А. аттуу бала сүзүп, белгисиз тарапка кетип калган.

«Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталган. Ал Кара-Суу районунун 2001-жылы туулган К.К. аттуу тургуну болуп чыккан. Унаа айып короого киргизилип, айдоочусу Тергөө кызматына жеткирилген»,-деп жазылат маалыматта.

Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген, учурда абалы канааттандырарлык.

Количество просмотров: 161