• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттар эми Оштун губернаторун ээрден кулатабы? Улуттук каналдын жетечиси алмашты

9 Жалган куран 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ӨЗБЕКСТАНДА ЖҮРӨТ

Өзбекстан Республикасында жумушчу сапары менен жүргөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкент шаарындагы «Toshelectroapparat» ишканасындагы өндүрүштүк жана башкаруу процессин уюштуруу принциптери менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ишкананы кыдырууда белгиленгендей, «Toshelectroapparat» компаниясынын продукциясын электр тармактары, электр өндүрүүчү, темир жол, тоо-кен, мунай-газ ишканалары кеңири колдонушат.

Акылбек Жапаров өндүрүлүп жаткан продукциянын сапатын белгиледи, алардын ассортиментине түрдүү электр жабдуулары жана электр эсептегичтери (электр энергиясын көзөмөлдөөнүн жана эсептөөнүн автоматташтырылган тутуму) кирет.

«Бизде Жалал-Абад облусунда Ташкенттеги заводду керектүү көлөмдө комплекттөөчү тетиктер менен камсыз кылууга жөндөмдүү ишканабыз бар», — деди министрлер кабинетинин башчысы жана КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө мындай кызматташуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

ПРЗИДЕНТТИН ОШТОГУ ӨКҮЛҮ СЫНДАЛДЫ

Жогорку Кеңештин бир нече депутаты президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун кызматын кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтып чыгышты.

Алар президентке кайрылып, тез арада чара көрүү зарылчыгын белгилешти.

Ал эми депутат Эмил Жусупов да  сөз сүйлөп, Ош облусунун жетекчиси туура эмес иштерди жасап жатканын айтып, чара көрүүнү билдирди.

Көп өтпөй президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов малымат жыйын берип депутаттардын айкандары боюнча жооп берди. Текшерүүлөрдөн коркпой турганын белгилеген Жамалдинов эл өкүлдөрү тарабынан айтылгандар туура эмес маалымат экенин айтты.

Эске салсак, Зиядин Жамалдинов Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2021-жылдын июль айында дайындалды.

ӨСКӨН-ОРДОДОГУ ЖЕР ЧЫРЫ

Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургундары бүгүн митингге чыкты. Алар бийликтен жер тилкелерин мыйзамдаштырып берүүнү суранышууда. Турдукан Нурматова 2012-жылы 16 миң долларга аталган конуштан ишеним каттын негизинде жер тилке сатып алган. Учурда дубалым түрттүрүлүп, жеримди башка бирөөгө сатып жиберүү аракети болуп жатат деп айласы кетип турган чагы.

УТРК ДИРЕКТОРУ АЛМАШТЫ

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Болотбек Тиллебаев Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды.

УТРКнын мурдагы жетекчиси Кайрат Иманалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулганы кабарланган.

Болотбек Тиллебаев буга чейин Иманалиевдин орун басары болуп иштеп келген. Жаңы жетекчи 51 жашта. Ал 2014-жылы КТРКнын башкы директору кызматына документ тапшырган. Кийин кысым көрсөтүлүп жатканын айтып, акыры шайлоодон талапкерлигин алып салган.

КАДАСТРДЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МЕНЕН УКТ МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактылары аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директорунун орун басары, Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин каттоо бөлүмүнүн кызматкери  жана ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ТЕРГӨӨЧҮ ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Токмок шаардык милициясынын тергөөчүсү пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын улук лейтенанты  7-мартта 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

Тергөөчү кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу астында жарандардан бир нече жолу опузалап акча алуу менен алектенгени аныкталган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү кармалып, тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 540