• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттар эс алуудан келишти. Бишкектеги митингдер чыр менен коштолду

1 Аяк оона 2020 21:30 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 1-сентябрына карата коронавирус жуккан жаңы 60 учур катталды. Анын ичинен 23 адамда коронавирус аныкталса, 37 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

ПРЕЗИДЕНТ КООПСУЗДУК КЕҢЕШИН ЧОГУЛТТУ

Бүгүн, 1-сентябрда Коопсуздук кеңеши 4-октябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча маселени карап жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков, мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышты.

ДЕПУТАТТАР КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫН  АЧЫШТЫ

Кезектеги сессиясы жаңы башталган Жогорку Кеңештин отуруму 3-сентябрда уланат. Бул маалыматты бүгүнкү ачылышта төрага Дастан Жумабеков билдирди. Төрага Дастан Жумабеков коронавирус пандемиясынан каза болгон жалпы кыргызстандыктардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

“КЫРГЫЗСТАН” ПАРТИЯСЫНЫН ИШИ СОТТО КАРАЛДЫ

 Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку сотто “Кыргызстан” партиясынын иши боюнча соттук отуруму өттү.

Ошол эле кезде Жогорку соттун имаратынын жанына «Кыргызстан» партиясынын тарапташтары да чогулушту.

ТАЗА ШАЙЛООНУ ТАЛАП КЫЛГАН АКЦИЯ  ӨТТҮ

Жогорку соттун алдында таза шайлоону талап кылган акция өттү. Акцияга жарандык активисттер, парламенттик шайлоого бараткан айрым партиялардын мүчөлөрү катышууда. Алар бийлик шайлоодо бардык саясий партияларга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бериши керектигин айтышууда.

АК ҮЙДҮН АЛДЫНА МИТИНГ ӨТТҮ

Бишкектеги «Караван» соода борборунун ижарачылары бүгүн, 1-сентябрда парламенттин алдында нааразылык акциясын өткөрүп жатышат.

Соода борборунун кесиптик кошуун комитетинин өкүлү  акциянын катышуучулары «Каравандын» соода күркөлөрүн электрондук сатып алуу порталынан алып салууну талап кылып чыгышканын айтты. Мындан тышкары нааразы тарап соода күркөлөрнө болгон ижара келишимдерин узартууну да талап кылышты.

ДЕПУТАТ ШАЙНАЗАРОВ ЖАҢЫ КЫЗМАТКА СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын депутаты Тынчтыкбек Шайназаровдун талапкерлиги Борбордук шайлоо комиссиясынын  мүчөлүгүнө көрсөтүлдү.

Маалымат боюнча, Тынчтыкбек Шайназаровдун талапкерлигин парламенттеги коалициялык көпчүлүк көрсөттү жана ал Жогорку Кеңештин 3-сентябрдагы жыйынында каралат.

Количество просмотров: 411