• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Күндүн ыргагы: Депутаттын уулу чет өлкөдөн камакка алынды. Айып пулга карабай кафелерде аш-тойлор тыйылган жок

10 Аяк оона 2020 19:10 Бишкек Govori.TV

 КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Ошол эле учурда вирустун 71 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн бирифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

АБА КАТТАМДА КАЛЫБЫНА КЕЛҮҮДӨ

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттамды кайрадан калыбына келтирүү маселеси чечилди. Маалым болгондой, учактар алгач жумасына эки жолу 17-сентябрда каттай баштайт.  Сентябрдын экинчи жарымында Өзбекстанга да учактар туруктуу негизде каттай баштамак болду. Ошондой эле Кыргызстан Кувейт мамлекети менен аба каттамдарын жандандырды

КАФЕЛЕРГЕ РЕЙД ЖҮРДҮ

Борбор калаада санитардык эрежелерди сактабай иштеп жаткан кафе-ресторан, тамактануучу жайларга айып салынды. Анда айрым тойканалар 50дөн көп адам чогултуп, иш-чара өткөрүп жаткан. Кененирээк кабарчыбыздын материалында…

ОШТО АЙЛАНМА ЖОЛ САЛУУ ПЛАНДАЛУУДА

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүн реконструкциялоо долбоору менен таанышты. Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшеновдун маалыматы боюнча, аталган трассада автотыгынды азайтуу максатында Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылып жатат.

ДЕПУТАТТЫН УУЛУ АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Болгариянын бийлиги тарабынан София шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевдин уулу Данияр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет.

Маалыматка караганда, Данияр Ибраев март айынан бери Болгарияда абакта жатат. Учурда аны Кыргызстанга алып келүү маселеси каралууда.

ЭКИ СПОРТЧУНУ СҮЗГӨН МАС АЙДООЧУГА ӨКҮМ ЧЫКТЫ

“Манас” аэропортуна бара жаткан жолдо эки велосипедчен адамды сүзүп кеткен айдоочу 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

.

Количество просмотров: 200