• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Эки депутаттын мандаты кимге тиет? Быйыл «Токтогулда» суу аз…

7 Теке 2023 18:03 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ЭЛЧИЛЕРДЕН ИШЕНИМ ГРАМОТАЛАРЫН АЛДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн резиденциялары үчүнчү өлкөлөрдө жайгашкан Палестинанын, Кувейт Мамлекетинин, Бахрейн Падышалыгынын, Дания Королдугунун жана Грузиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын Палестинанын Джавад Мохаммад Авад, Кувейт Мамлекетинин Омар Ахмед Мухаммед Мурад Аль-Кандари, Бахрейн Падышалыгынын Мохамед Гассан Мохамед Аднан Шайхо, Дания Королдугунун Якоб Хеннингсен, Грузиянын Николоз Лалиашвили элчилери тапшырды.

Салтанаттуу азем чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчыларын Ардактуу кароол менен тосуп алуудан башталды, андан соң элчилер президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырышты.

Мамлекет башчысы элчилерди дипломатиялык иштеринин расмий башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматты аткарууда чоң ийгиликтерди каалады.

Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү менен саясий диалогду, соода-экономикалык кызматташтыкты ырааттуу түрдө өнүктүрүп келе жатканын белгиледи. Алардын катарында Палестина, Кувейт, Бахрейн, Дания жана Грузия менен өз ара пайдалуу жана жемиштүү өнөктөштүктү камсыз кылууга даяр.

 “ТОКТОГУЛДА” СУУ АЗ…

Министрлер кабинетинде күз-кыш мезгилине даярдык көрүү маселеси боюнча республикалык штабдын жыйыны өттү. Анда айтылгандай, 2023-жылдын 1-октябрына Токтогул суу сактагычына 14,34 млрд метр куб суу топтоо пландалган. Бирок суунун агымы аз  болгонуна байланыштуу 12,4 млрд метр куб суу топтолору күтүлүүдө.

Бул үчүн электр энергияга болгон лимитти көзөмөлгө алуу тапшырылды.

«Айыл башчылары, район акимдери, облус жетекчилери, мэрлер жана тиешелүү бардык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери «Кыргызстан улуттук тармактар» ишканасы менен биргеликте электр энергияга болгон лимитти катуу көзөмөлгө алгыла. Азыр жай мезгили, күн узун жарыкты үнөмдүү пайдаланалы. Борбордук көчөлөрдөгү жарыктар күн чыкканга чейин күйүп турбасын, бул мэрлерге тиешелүү. Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртан сарамжалдуу пайдаланалы», – деди Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев.

7-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 380 млн куб метрди түздү.

Өкмөт мындан тышкары, Ош жана Бишкек шаарларындагы жылуулук электр борборлорун көмүр, мазут менен камсыздоо жана энергетикалык жабдууларды оңдоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

ИСМАИЛОВ МЕНЕН АЛИМЖАНОВДУН МАНДАТЫН КИМ АЛАТ?

Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлдагы отурумунда Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратты. Буга жасалма диплом маселеси себеп болгон.

Бул арада мандатынан кол жууган эки депутаттын ордуна парламентке кимдер келет? деген суроо көпчүлүктү кызыктырууда.

Талапкерлердин партиялык тизмесинде «Ата-Журт Кыргызстандан» кийинки орунда Канатбек Маматов, ал эми «Альянста» Элдар Абакиров турат. Эки талапкер Жогорку Кеңешке депутат болуп келиши мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, Элдар Абакиров 2016-жылдан 2019-жылга чейин экономика министринин орун басары кызматын аркалган. Ал эми Канатбек Маматов буга чейин Кыргыз футбол бирикмесинин президенти болгон.

ЭТИКА МЕМОРАНДУМУ КАБЫЛ АЛЫНДЫ

7-июлда Бишкекте Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Өзбекстан жана Тажикстанда иш алып барган медиа уюмдар MediaNetwork CA тармагын түзүү боюнча меморандум кабыл алышты. Меморандумда бул уюм журналисттик стандарттардын жана кесиптик этикалык нормалардын сакталышын жактап, кесипкөй медиалардын калыптанышына салым кошору жазылган.

Меморандумга Кыргызстандан ЖМКларга даттанууларды териштирүү боюнча комиссиясынын төрайымы Тамара Валиева, Монголиянын медиа боюнча кеңешинин жетекчиси Гунжидмаа Гондор, Өзбекстандын медиа боюнча кеңешинин төрагасы Карим Бахриев, Казакстандын медианын өзүн-өзү жөнгө салуусу боюнча коомдук комитеттин төрайымы Жылдыз Абдилда жана Тажикстандын ЖМК боюнча кеңешинин төрайымы Хуриннисо Ализода кол койду.

Количество просмотров: 177