• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Экономикалык мунапыс мыйзамы күчүнө кирди. Үйүн таштанды менен жылыткан аялга айып салынды

6 Үчтүн айы 2021 18:11 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы ыкчам штабдын 6-январга карата берген маалыматына ылайык, болуп бир сутка ичинде катталгандар – 144 адам. Ушуну менен Кыргызстанда жалпы коронавирус менен ооругандардын саны 81 656 адам болду.

КООМДУК ТАРТИП ЖАНА КООПСУЗДУК КАМСЫЗДАЛАТ

Алдыдагы шайлоого байланыштуу 6-январга карата мыйзам бузуу боюнча жалпы 50 факты келип түштү. Бул тууралуу маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын башчысы Сыргак Айткурманов билдирди.

ЭКОНОМИКАЛЫК МУНАПЫС ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ КҮЧҮНӨ КИРДИ

Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов «Экономикалык мунапыс маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

САЛЯНОВАНЫН ИШИ БОЮНЧА СОТ

Аида Салянованын иши боюнча соттук териштирүү 27-январга жылдырылды. Жогорку сот бүгүн, 6-январда мурдагы юстиция министри, экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайрадан карамак.

КАРАКЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛГЕНДЕР КАРМАЛДЫ

4-январда түн ичинде Кызыл-Кыя шаарынын 39 жаштагы тургунунун үйүнө беткап кийген белгисиз бирөөлөр кирип, күч колдонуп тоноп кетишкен. Алар аялды бычак такап коркутуп, 100 миң сом акчасын жана алтын зер буюмдарын алып кетишкен.

ҮЙҮН ТАШТАНДЫ ЖАГЫП ЖЫЛЫТКАН ЖАРАН

Үйүн таштанды жагып жылыткан аялга айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.  Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы жер үйлөрдүн биринен коюу чыккан кара түтүн боюнча даттануу келип түшкөн.

Количество просмотров: 403