• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Күндүн ыргагы: Экс-вице-премьер камактан чыкты. «Чет элдик агент» мыйзамына жаңы авторлор кошулду

19 Кулжа 2023 19:08 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТ ӨКМӨТТҮ СЫНДАДЫ

Бүгүн, 19-июнда Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитет жыйынында депутат Балбак Түлөбаев өкмөттүн ишин сындады.

Түлөбаев өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, кайсы бир мыйзамдарды алып келип жатканда бир позиция менен келүүнү талап кылды.

Кошумчалай кетсек, аталган комитеттин бүгүнкү жыйынында «Үрөн жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты. Аталган мыйзам долбоору Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген. Жыйында баяндама жасаган айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов белгилегендей, мыйзам долбоору үрөн продукциясынын сапатын жогорулатуу жана коопсуздугун камсыздоо максатында иштелип чыккан.

ПРЕЗИДЕНТТИН БАСМА СӨЗ КАТЧЫСЫ БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Жогорку бийлик адамдарынын атын пайдаланып, акча алып жүргөндөрдү аныктоо иши жүрүп жатканын бүгүн 19-июнда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал социалдык түйүндөр аркылуу билдирүү таратып, тийиштүү органдарга телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды ыкчам аныктоо тапшырмасы берилгенин маалымдады.

Анын айтымында, алдамчылардын “курмандыктары” көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер.

«Аларга телефон чалып, өлкөнүн жогорку жетекчилиги катышчудай ар кандай иш-чараларга чакырып, же аларга кызматтан көтөрүүнү сунушташат. Ишенимге ээ болуу менен шылуундар алдамчылык жолу менен өздөрүнүн “курмандыктарынан” акча алышат. Буга байланыштуу биз дагы бир жолу бардык жарандарга, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге мындай шылуундардын жетегинде жүрбөөнү, мындай көрүнүштөр орун алган учурда тез арада укук коргоо органдарына кайрылууну эскертебиз. Учурда компетенттүү органдарга телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды ыкчам аныктоо тапшырмасы берилди»,-деп жазды Султанбаев.

Мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын же алардын жакындарынын атын жамынып, түрдүү жолдор менен акча алуу, талап-тоноо иштери болгону тууралуу буга чейин да кабарланган.

КОМИССИЯ КАЧАН ЧЕЧИМ ЧЫГАРАТ?

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия бир айдын ичинде тыянак чыгарат. Бул тууралуу Govori.TVга комиссия мүчөсү, депутат Миргүл Темирбаева билдирди.

Эске салсак, 31- майда парламентке Башкы прокуратурадан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөн.

Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп, курамына бир нече депутат кирген.

Ал эми депутат Мадумаров жоопко тартуу сунушун саясий иш катары баалаган.

БЕЙӨКМӨТ МЫЙЗАМЫНА ЖАҢЫ АВТОРЛОР КОШУЛДУ

Жогорку Кеңешке бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр тиешелүү комитеттердин талкуусуна түшкөн. Ага алгач Нарматова баш болгон 33 депутат демилгечи болгон.

Бирок, бир катар нааразы пикирлерден соң аталган мыйзам долбооруна авторлош болуудан баш тартып, төрага Нурланбек Шакиевдин дерегине арыз беришкен. ЖКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда 7 депутаттын (Абдалиев М.А., Шабазов Б.В., Масабиров Т.А., Жамгырчиев Э.Э., Токтошев Э.Т., Чойбеков Б.К., Боронбаев А.Ж.,) автор болуудан баш тартуу тууралуу арызы түшкөн.

Бул арада ЖК сайтында бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзам долбоорунун автордук түзүмү жаңыланып, 6 жаңы депутаттын ысымын көрүүгө болот. Алар: Бакасов У.Б., Лурова Л.Х., Саккараев М.Ж., Айдарова А. А., Айжигитов С.А., Исаева Дж.К..

Аталган мыйзам долбооруна автор болуп жаңы кошулган депутаттардын бири, Лейла Лурова бул тууралуу комментарий берип, жаңылыштык кеткенин айтты. «Бул туура эмес маалымат, мен аны тактап жатам», — деди депутат.

Ал эми автор болуп жаңы кошулган башка депутаттар менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Кошумчалай кетсек, буга чейин “Адилет” укуктук клиникасынын жана “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын юристтери чуулгандуу демилгелердин көтөрүлүшү жарандык сектордун жоюлушуна алып келерин билдиришкен. Алардын комментарийлерине көңүл бурулган эмес.

Эске салсак, бешинчи чакырылышта депутат Надира Нарматова кесиптеши Турсунбай Бакир уулу менен биргеликте ушундай эле документти сунуштаган. 2016-жылдагы мыйзам долбоору үчүнчү окууда алтынчы чакырылыштын депутаттары тарабынан четке кагылган.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары жана “Кыргызкөмүр” МИнин коммерциялык директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, анын карамагындагы “Кыргызкөмүр” МИнин, “Ысык-Көл кемечилиги” жана Балыкчы шаарындагы жүктөө-түшүрүүчү пункту филиалдарынын кызмат адамдарына карата, Бишкек шаарындагы ЖЭБге багытталган көп миллиондук көмүрлөрдү уурдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши тергелүүдө. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында, тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында “Кара-Кече” кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда жогоруда аталган министрликтин жана ага караштуу мекемелердин жогорку кызматтагы кызматкерлеринен турган “көмүр мафиясынын” мүчөлөрү тарабынан кеминде 40 миллион сомдон ашык көмүр уурдалганы аныкталды.

Натыйжада борбор калаадагы ЖЭБтин иши үзгүлтүккө учуратылып, мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилген, жогорудагы коррупциялык кылмыштарга катышкандыгы үчүн, 2023-жылдын 18-июнунда УКМК тарабынан Энергетика министринин орун басары, ошондой эле “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын коммерциялык директору кармалды, деп айтылат маалыматта.

УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

РАЗАКОВ КАМАКТАН ЧЫКТЫ

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Алдамчылыкка» шектелип кармалган мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Маалыматты райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Соттун чечимине ылайык, Разаков 24-июнга чейин үй камагында болот.

Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьерди үстүбүздөгү жылдын 24-январында кармаган. ИИМдин маалыматына караганда, экс-депутат Арзыбек Бурканов былтыр сентябрда Разаковго чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Арызда Разаков 2017-жылдын ноябрь-декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн. доллар алып бербей койгонун көрсөткөн.

Жеңиш Разаков 2012-2016-жылдары Баткен облусунун губернатору, андан кийин өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2017-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы, 2018-жылы президенттин кеңешчиси, 2018-2020-жылдары вице-премьер-министр болуп иштеген. 2020-жылы февралда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу деген жүйө менен кызматтан кеткенин жарыялаган.

Количество просмотров: 132