• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Эсин жоготкон активист, ыйлаган эне… Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар абакта калды

27 Бештин айы 2022 18:37 Бишкек Govori.TV

ТӨРӨБАЕВ: АЗЫК-ТҮЛҮК КОРУ ЖЕТИШТҮҮ

Бугүн, 27-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү экенин билдирди.

Буга чейин Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Буга Министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнү аяктап жатканы себеп болгону белгиленген. Жунушов мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12% киреше салыгы алына баштай турганын айткан.

Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болбогон мамлекеттерге 100 миң тоннадан ашык унду ташып чыгууга тыюу салган. Мындай чектөө ушул жылдын 1-ноябрынан 31-декабрга чейин киргизилген.

БАТКЕНДЕ ТАЛКАЛАНГАН ҮЙЛӨРДҮН ЭКӨӨ КУРУЛУП БҮТТҮ

Баткенде чек ара каргашасында талкаланган 400дөн ашуун үйдөн бүгүнкү күнгө карата экөө курулуп бүткөнү 27-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында белгилүү болду. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нуртазин Жетибаевдин айтымында, 420 үй жабыркаганы аныкталган алардын 416сы боюнча курулуш иштери жүрүүдө.

Депутат Тазабек Икрамовдун курулуш иштери качан башталганы жана канча үй курулганы тууралуу суроосуна жооп берип жатып Жетибаев октябрь айынан бери эки объект бүткөрүлгөнүн, 121 үйдүн дубалдары тургузулганын, 74 үйдүн чатыры жабылып жатканын, 9 үйдүкү жабылып бүткөнүн билдирди.

Жыйында курулуш иштерин «Аманат Курулуш Инвест» ишканасы жүргүзүп жатканы, Каржы министрлиги 1 миллиард 400 миллион сом бөлүп бергени айтылды.

Былтыр жазында жана быйыл сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон. Миңдеген адам үй-жайын таштап качууга мажбур болгон, алардын айрымдары коопсуздук маселесинен улам үйүнө кайта электиги парламентте бир нече жолу айтылды.

ЖАПЫРТ КАРМАЛГАНДАРДЫН СОТУ УЛАНДЫ

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрдү кароо уланды. Бишкек шаардык соту Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Жеңиш Молдокматов, Илгиз Шаменов, Али Шабдан, Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Улукбек Маматаевдин, Орозайым Нарматованын баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырып, камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ал эми Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасын караган соттук отурум жактоочусу келбегендигине байланыштуу 29-декабрга жылдырылган.

Камакта калтырылган Перизат Суранованын апасы сот залынан кызына жолуга албай көзүнө жаш алды.

Ал эми сот залына алынып келинген активист Орозайым Нарматова эси ооп жыгылды. Ага тез жардам кызматы чакыртылды.

Белгилей кетсек, «Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышат. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын ден соолугу начарлаганы айтылып жаткан болчу.

Ушул эле иштин негизинде кармалган дагы бир айыпталуучу активист Илгиз Шаменов “далилсиз отурганбыз боюнча комиссия түзүлсүн” деген билдирүүсун айтты.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

ИИМ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖАЗАЛАНДЫ

Нарын облусунун Кочкор районунда милиция кызматкерлери аралашкан деген окуяга байланыштуу Нарын облустук милициясынын башчысы баштаган жергиликтүү ички иштер органдарынан жалпысынан 22 кызматкер тартип жазаланды. Бул тууралуу бүгүн 27-декабрда Ички иштер министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын 9у ээлеген кызматынын алынды, үчөө милиция катарынан бошотулду, калгандары түрдүү тартип жазасына тартылышкан.

Эске салсак, 24-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармаганын, анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялаган. УКМКнын билдиришинче, кылмыштуу топтун мүчөлөрү Кочкордогу кафелердин биринде эсепти төлөөдөн орой баш тартып, анын ээсинен ай сайын 1000 доллар берип турууну талап кылган. Атайын кызмат «милиция окуя болгон жерге барганы менен чара көргөн эмес жана кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө коркутуп-үркүтүүсүн улантууга жол берген» деп эсептейт.

СУЗАКТА МИЛИЦИОНЕРЛЕР КАРМАЛДЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жалал-Абад облусунун Сузак райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери кармалганын бүгүн, 27-декабрда кабарлады. Алар оор кылмышты жашырууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Расмий маалыматка караганда, 2022-жылдын 9-декабрында кылмыштуу топтун онго жакын мүчөсү Сузак районунун Ырыс айыл аймагында ок атуучу жана башка куралдарды колдонуу менен каракчылык кылганы аныкталган. Анын кесепетинен бир жаран жабыркап, бычактан алган жарааты менен ооруканага жеткирилген.

«Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери ошол кезде жетиштүү материалдарга карабастан, оор кылмыш жасаган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн табуу жана кармоо боюнча тийиштүү чараларды көргөн эмес. Ошол эле учурда милиция кызматкерлери кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартпаганы үчүн алардан өзгөчө ири өлчөмдө пара алганы аныкталган», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Количество просмотров: 546