Бишкек шаардык сотунда 27-мартта Кемпир-Абад иши боюнча отурум өтүп, сот биринчи инстанциянын актоо өкүмүн күчүндө калтырды.
Бүгүнкү отурумда прокурорлор ишти кайра кароо үчүн биринчи инстанцияга жөнөтүнүү өтүнгөн.
Эске салсак, кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы бул ишке “жашыруун” грифин койгон.
2024-жылдын 14-июнунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын баары акталган. Бирок, прокуратуранын аппеляциялык арызынын негизинде иш кайра Бишкек шаардык сотунда каралып жаткан.