• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кемпир-Абад иши: Сот айыпталуучулардын шайлоого байланыштуу өтүнүчүн четке какты

9 Тогуздун айы 202513:22 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучулар Бишкек шаардык сотунда 8-октябрда өткөн отурумда шайлоого катышууга байланыштуу өтүнүч келтиришти. Бул тууралуу алардын бири Эрлан Бекчоро уулу “Азаттыкка” билдиргендей, анда соттук процессти 1-ноябрга чейин токтото турууну өтүнүшүп, судья аны канааттандырган эмес.

“Каттоодон өтүү үчүн документтерди тапшырууга, ошондой эле кемпирабадчылар азыр үй камагында болгондуктан толук кандуу талапкер катары бирдей шарт түзүүгө 1-ноябрга чейин сотту токтотуп турууну соттон сурандык. Бирок сот өтүнүчтү канааттандырган жок. Тилекке каршы, себебин түшүндүрбөй четке какты”, — деди Бекчоро уулу.

Шаардык соттун басма сөз кызматы бул кылмыш ишине жашыруун грифи коюлганы үчүн маалымат берилбей турганын билдирди.

Кемпир-Абад иши Бишкек шаардык сотуна 2024-жылдын август айында түшкөн. Бирок бир жылдан ашык убакыттан бери ар кандай себеп менен ишти кароо баштала элек.

Количество просмотров: 173