• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Евразия экономикалык форумунун 1-күнү кандай өттү?

26 Бугу 2022 18:49 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммитин утурлай Евразиялык экономикалык форум башталды. Анын ачылышында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, аймактагы, дүйнөдөгү соңку бир катар окуялардан улам Евразиялык эконономикалык биримдиктин (ЕЭАБ) мүмкүнчүлүгүнүн кеңейишине жол ачылып жатканын билдирди.

«Батыштан чыгышка карай цивилизациялык жылыш бар. Экономикалык тартылуу борбору Азия континентине жылууда. Европага терезе жабылса, Азияга терезе ачылат! Биз өзүбүздүн Союз өзүнүн үстөмдүк позициясын ээлөөгө тийиш болгон мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүнүн күбөсө болуп олтурабыз», — деди Жапаров.

Ал эми ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев Евразия экономикалык комиссиясы учурдагы кырдаалда соода базарларын турукташтырууга 200 млрд рублга жакын каражат жумшай турганын билдирди. Анын айтымында, каражат тарифтик жөнгө салуу, салыктарды азайтуу, бизнести колдоо жана товарлардын жеткиликтүүлүгүнө багытталат.

Бишкек шаарында өтүп жаткан I Евразиялык экономикалык форумга Россиянын кинематографисттер союзунун башчысы, кинорежиссер Никита Михалковдун келгени көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө бурду.  Форумдун жүрүшүндө бир катар өлкөлөрдүн эксперттери көптөгөн актуалдуу маселелерди талкуулашууда. Иш-чара алты талкуу аянтчасына бөлүнүп, анын жүрүшүндө 20га жакын сессия өтүүдө.

Ал эми Никита Михалков ЕАЭБде евразиялык “Оскар” сыйлыгын жана киноакадемиясын түзүүнү сунуштады.

Андан соң россиялык кинорежиссер Никита Михалков Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун кабыл алуусунда болду.

Белгилей кетсек, Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны, видео конференция форматында өттү. Ага ЕАЭБге мүчө Орусиянын президенти, Армениянын премьер-министри, Беларустун премьер-министри видео байланыш аркылуу, Казакстан менен Кыргызстандын президенти жеринде катышты. Өткөн аптада ага Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган бир катар өлкөлөрдүн башчылары келбей калганы белгилүү болгон.

Ал эми эртең, 27-майда Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйыны өтөт. Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович саммиттин күн тартибинде 14 маселе бар экенин айткан.

2021-жылы бул уюмга Казакстан төрагалык кылып, анын жыйынтыктоочу жыйыны онлайн өткөн. Кеңешке төрагалык кылууну былтыр жыл аягында Кыргызстан өткөрүп алган.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн ЕАЭБге Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган.

Количество просмотров: 141