• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Газдын кымбатташы эмнеден көз каранды? Дача СУлуктар өкмөткө нааразы

18 Үчтүн айы 2021 19:41 Бишкек Govori.TV

8 ДОБУШКАНАНЫН ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫГЫ ЖОККО ЧЫКТЫ

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 18-январда билдиргендей, бир катар добушканаларда президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумдун жыйынтыгы жараксыз деп табылды. Маалыматка ылайык, өлкө аймагындагы 8 добушкананын шайлоодогу жыйынтутары жокко чыккан.

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

18-январга карата Кыргызстанда дагы 69 кишиден коронавирус табылып, Бишкекте үч бейтап көз жумду. Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 83 178 адамга жетти. Жалпы ооругандардын ичинен 79 104 адам сакайды. Соңку бир күндө 110 киши сакайып чыкты. Ал эми оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1387 адамга жетти.

АЙРЫМ АЙДООЧУЛАР ИШ ТАШТАДЫ

Бүгүн, 18-январда Бишкекте болжолм менен 200-300 маршрут айдоочулары жумушка чыккан жок. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын шаардык транспорт бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев билдирди.

АСПЕКОВ ЖАПЫКЕЕВГЕ КАРШЫ КӨРСӨТМӨ БЕРГЕНБИ?

Опузалап акча талап кылуу фактысы менен кармалган Мелис Аспеков Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеевге каршы көрсөтмө берди деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

ГАЗГА БОЛГОН БАА ӨСТҮ

Өлкөдө жаратылыш газынын калкка жана ишкана-уюмдарга сатыла турган баасы көтөрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө газдын баасы куб метрине 17 сом 80 тыйынды түзүүдө. Буга чейин газ башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда ашкере жогору баада сатылып жатканын айрым депутаттар тээ жазда эле айтып чыккан. «Газпром Кыргызстан» ААК жетекчисинин орун басары Арзымат Алдаяров бүгүнкү күндө табигый газдын ар бир кубу 150 доллардан сатылып алынарын билдирди. Ал өз сөзүндө Кыргызстан жаратылыш газын импорт кылган өлкө болгондуктан, көгүлтүр отко болгон тарифтин көтөрүлүшү доллардын наркынын өсүшүнө байланыштуу экенин айтты.

ДАЧА СУ КЫРСЫГЫНА 4 ЖЫЛ

Дача СУ конушунда жашоо күндөгүдөй өтүп жатат. Ар бир айыл тургуну өз жашоосу, тиричилиги менен алек.  Деген менен бул айыл тургундарын  мындан 4 жыл мурун орун алган апаат кайрадан кайталанбайбы деген коркунуч бириктирет.

Количество просмотров: 137